Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Бишкекте убактылуу башкалка жайлары иштей баштады

0
Бишкекте убактылуу башкалка жайлары иштей баштады

Борбор калаада үй-жайсыз адамдар, турмуштук оор кырдаалда балдары менен калган аялдар үчүн убактылуу башпаанек жайлар ачылууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Биринчи Май районунда "Коломто" деп аталган муниципалдык жай  70 кишиге ылайыкташкан. Бул жерге үй-жайсыз, барар жери жок адамдар бир маал ысык тамак ичип, түнөп кете алат. Ошондой эле аларга жаңы кийим-кече, тамак-аш жана башка гуманитардык жардам берилет. Улгайгандарды карылар үйүнө жайгаштырууга көмөк көрсөтүлөт, медициналык текшерүүдөн өтсө болот. Маалыматка ылайык, жыл сайын 1500дөй адам "Коломтодон" убактылуу башпаанек алышат. Быйылкы он айда 1172 адамга социалдык жардамдар көрсөтүлгөн. 135 адамдын тек-жайын аныктоочу документтери калыбына келтирилип, 61 адам үй-бүлөсүнө кайтарылган, 109 киши ооруканага жаткырылса, 1064 адам амбулатордук дарыланган.

Башкалка жайы Жибек-Жолу көчөсүнүн 413-үйүндө жайгашкан, телефон номуру 0312 304 855.

Ленин районунда "Кайрымдуулук борбору" деп аталган коомдук уюм туруктуу иштейт. Турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдарга башпаанек берет. Трудовая-10 дарегинде жайгашкан, телефон номурлары: 64 48 71, 0550 54 66 22.

Октябрь районунун убактылуу баш калкалоочу жайы 12-кичирайондогу Аалы Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү комбинатынын имаратында жайгашып, 60 орунга ылайыкталган. Баш калкалоочу жайга 511938, 0559180218 телефондору аркылуу байланышса болот. Бул жерге кайрылган үй-жайсыз адамдарга күнүнө бир маал ысык тамак берилет.

Ушундай эле барар жери жок адамдарга убактылуу түнөк берүүчү жай Сверлов районунда да ачылып, Фере көчөсүндөгү 34А номурлуу үйдөн орун алган. Анын телефон номурлары - 0312 360 335, 0706 168 877.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын көчөдө суукта калган кароосуз адамды көргөн учурда 102 же 103 номурларына чалууга чакырды. 

Шаарда туруктуу жашаган жери жок адамдардын расмий саны такталган эмес. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *