Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

УКМК Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыялаганын билдирди

0
УКМК Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыялаганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) "өкүл атасы Азим Ройго (Мурда Орозахун Сайдазимов болгон) сыртынан айып тагылып, издөө салынганын" билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 15-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” жана “Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү” беренелери менен айып тагылды.

Атайын кызмат Азим Рой Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгени такталганын кошумчалады.

“Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет Камчыбек Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Азим Рой Бишкектин кымбат баалуу жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайы Н.З.Хнын атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде Камчыбек Асанбек жашап келген”, - деп айтылат маалыматта.

Азим Ройдун Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Камчы Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан 2 миллион долларды түзгөн дача үйгө ээлик кылары, Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттежи да бар экени такталган.

УКМК бул маалыматтар менен кошо Азим Рой менен Камчы Көлбаевдин чогуу түшкөн бир нече сүрөтүн жарыялады.

Атайын кызмат Азим Рой Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулганын, ушул тапта Орусиянын жараны экенин кабарлады.

2022-жылы түбү кыргызстандык бизнесмен Азим Рой менен президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаты, президенттин кудасы Акылбек Түмөнбаевдин чогуу түшкөн сүрөтү тарап коомчулукта талкуу жараткан. Түмөнбаев ошол кезде Садыр Жапаров менен Азим Рой эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу кабары жок экенин айткан.

Азим Рой 2021-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) медалын жана Саламаттык сактоо министрлигинин ардак баракчасын алганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *