Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

БУУ Израилдин Аш-Шифа ооруканасындагы рейдине тынчсыздануу билдирди

0
БУУ Израилдин Аш-Шифа ооруканасындагы рейдине тынчсыздануу билдирди

БУУ жана Эл аралык Кызыл Чырым комитети Израилдин аскерлери Аш-Шифа ооруканасанда рейд жүргүзгөндөн кийин камтамасын билдирип, ал жактагы миңдеген бейтаптар менен карапайым кишилерди коргоону талап кылды. Бул тууралуу Франс Пресс маалымат агенттиги кабарлады.

Израилдин армиясы шаршембиде Газадагы эң ири оорукана комплексинде ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун командалык борборун жок кылуу максатында ал жерде операция баштаганын билдирген.

“Газадагы Аш-Шифа ооруканасында аскердик рейд тууралуу кабарлар мени нес кылды. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды, бейтаптарды, медициналык кызматкерлерди жана бардык жайкын адамдарды коргоого артыкчылык берилиши керек. Оорукана – согуш талаасы эмес”, - деп жазды Х социалдык түйүнүнө БУУнун гуманитардык маселелер боюнча агенттигинин башчысы Мартин Гриффитс.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус да Аш-Шифанын айланасындагы окуяларга тынчсыздануусун билдирип, ал жердеги дарыгерлер менен байланыш үзүлгөнүн жазды.

БУУнун эсебинде комплексте кеминде 2300 киши – бейтаптар, оорукана кызматкерлери жана жер которгон палестиналыктар бар, алар айланадагы кармаштардан чыга албай калган болушу мумкүн.

Күбөлөр ооруканада адам чыдагыс абал түзүлгөнүн, операциялар анестезиясыз жасалганын, суу, тамак тартыш экенин, үй-бүлөлөр коридорлордо жашап жатканын, сөөктөр жыттанып кеткенин кабар агенттиктерине айтып беришкен.

ХАМАС комплекстин алдында командалык пункту орун алган жана бейтаптарды тирүү калкан кылып пайдаланууда деген айыптоолорду четке кагууда. Алардын айтымында, Аш-Шифада Израил армиясынын аткылоосунан чыга албай калган 650дөй бейтап жана жер которгон 5 миңден ашуун киши баш калкалап жатат.

Согушкерлердин маалыматына караганда, ооруканада 40 бейтап каза болду. Ара төрөлгөн үч ымыркай жаткан инкубаторлор иштебей калган.

Израил оорукананы камалоого алганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, ичиндегилер үчүн чыгып кетүү жолдору ачык экенин билдирген. Дарыгерлер жана комплекстегилер чыгуу аракетин көргөндөр аткылоого туш болгонун айтышкан.

Бул кабарларды көз карандысыз булактардан текшерүүгө мүмкүн болбой турат.

ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөй киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *