Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

"Апа кечир, Сирияга кеттим". Дайынсыз жоголгондордун баяны

0

Өткөн айда 15 жыл мурда дайынсыз кеткен кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылып, консулдуктун жардамы менен мекенине кайтып келди.

Бул окуя бир нече жылдан бери уул-кызынын дайынын таппай жүргөн ондогон ата-энелердин үмүтүн кайра жандыргандай болду. Ушу тапта Кыргызстанда жүзгө чукул кишинин дайыны чыкпай, издөө жарыяланган. "Азаттык" он жылдан ашуун убакыттан бери жалгыз уулун таба албай жүргөн эки эненин муң-зарын укту.

"Кудай буйруса ишемби күндөрү баламды издеп чыгам. Уйку жок, күнү-түнү ошол баламды ойлойм. Ичкенибиз ириң, жегенибиз желим... ".

Баласынын ысымын атаганда үнү каргылданып, көзүнө жаш алган эне 12 жылдан бери жалгыз уулунун караанына зар.

Нуржан Орузбаеванын баласы Нурболот Ажиев 2012-жылдын май айында Казакстанга кетип жатканын айтып, апасына жолугуп кетүүгө убада берип, бирок ошол бойдон дайыны чыкпай калган. Ал кезде Нурболот 23 гана жашта эле дейт апасы.

"Жашоо-турмуш оорлоп кетпедиби. Ошол жылдары биз иштеп келели деп Казакстанга кеттик. Кой багып жүрүп, 2012-жылы катуу ооруп калып, Кыргызстанга келдим. Өпкөмө суу толуп кетиптир, үч литр суу алып, рак деген диагноз коюшту. Операция жасаш керек дегенинен, жолдошум дагы, уулум дагы Казакстанга иштегени кетишти. Мени Ысык-Көлдөгү кургак учук ооруканасына жаткырышты. Жолдошум Казакстандан акча салып турат. Балам болсо Токмокто жүргөн. Кийин ал дагы 2012-жылы май айында "Казакстанга кетип жатам, сизге барып кетем, эмне кем-карчыңыз бар?" деп чалды. Бирок келген жок бир жума, эки жума күттүм. Ооруканага жаткандан баш тартып баса бердим акыры. Токмокко келсем, эч ким жок, жолдошум Казакстандын Жамбыл облусуна кой багып кетиптир. Анын артынан Жамбылга бардым. Андан кийин Казакстанда табылып калар деп эки жыл издегенче кой бактык. 2014-жылы Таразды көздөй багыт алып, бир жерде болбосо бир жерден чыгат деп эки жыл жүрдүк кой багып. Дайыны чыкпагандан кийин Кыргызстанга келгенбиз".

Нурболот Ажиев 1989-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Кийин Чым-Коргондо, Токмокто жашаган. Үйлөнүп, кыздуу болушкан. Келинчеги Нурболотту үч жыл күтүп, дайыны чыкпагандан кийин башка турмуш куруп кетиптир.

"Азаттык" жакында дайынсыз кетип, 15 жылдан кийин Казакстандын Жамбыл облусунан табылган жубайлардын окуясын көрсөткөн. Алар Алматыдагы консулдуктун жардамы менен мекенине кайтып келди. Бул окуя бир нече жылдан бери балдарынын дайынын таппай жүргөн ата-энелердин өчкөн үмүтүн жандыргандай болду.

Дайынсыз болуп жаткан Нурболоттун атасы Карагул Ажиев баласын Казакстандан табылат деп үмүттөнүп жатат:

"Биз Казакстанда эле го деп ойлоп жатабыз. Анткени Кыргызстандын бир жеринде жүрсө, өзү деле келмек. Бир кабарын билгизет болчу. 2012-жылдан бери 12 жыл өтүп кетти. Ден соолугу деле жакшы болчу. Тентек эмес эле. Кандайча болуп кетти, билбейм. Казакстанга барып кармалды го деген эле оюбуз бар. Үмүт да... Үмүт менен жүрөбүз да келет, келип калат деп... Бир уул, бир кызым эле бар... Мен өзүм жалпы жонунан сегиз жыл кой бактым Кордойдо, Таразда".

Эми Нуржан Орузбаева жолдошу экөө баласын издегени өздөрү жол тартканы турат. Алар Казакстандын Кыргызстан менен чек арасына жакыныраак аймактардагы короо-жайларды, мал сарайларды үймө-үй кыдырууну көздөп жатышат.

"Экөөбүз Казакстанды көздөй уулубузду издегени чыксакпы деп жатабыз. Ысык-Көлдө Сары-Ойдон бир бала табылды го, 15 жылдан кийин. Жамбылда документин алдырып ийгендиктен, кете албай жаткан балдар бар дейт. Ошол үмүт менен барып издеп келели деп жатабыз. Машина жалдадык. Кызы бир жашта болчу ал кеткенде, азыр чоңоюп калды. Андан бери эч кабар жок. Тиги бала табылып келгенден кийин, менин уулум да документин жоготуп коюп же үйлөнүп алып, Казакстандан чыга албай жүрөт го деген үмүт менен өзүм издегени жатам. Кордойго, анан Жамбыл облусун көздөй барсам, андан ары Узун-Агачка чейин барсамбы деп ойлоп жатам. Ошондо балам тууралуу көргөн-билгенин айткан жакшы адамдар чыгаар... Буга чейин Жамбыл облусунан, Алматыдан издөө салдырдык. Өзүм эле чыкпасам болбой калды. Баламды ойлой берип уйкудан да, тамактан да калдык, уйку жок. Бир өмүр өтүп жатат да, кыскасы... Таң атат, кеч кирет... Ошентип өмүрлөр өтүп жатат".

Жалгыз уулун зарыгып күткөн ата-эне 12 жыл үйүнө кайтпаган Нурболотту Казакстан талааларында кулчулукка кабылып, чыга албай жүрүшү ыктымал деп боолгоп жатышат. Буга 2012-жылдары Нурболот "Кыргызстанга өтүү үчүн чек арага чейин атты минип баса бергенине жылкысын бактырган аял өчөшүп калган болушу мүмкүн" деп эсептешет. Ошол учурда жылкы чек арага жетпей табылып, кайтарылган экен.

Жыл сайын миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет өлкөлөргө кетет. Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрүндө кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт. Алардын арасында жумуштан да, акчадан да жок, алданып мекенине кайта албай калган же кулчулукка кабылгандары да кездешет. Ушул жылдын март айында 2003-жылдан беридокументтери жок, турмуштук оор кырдаалга кабылып, Казакстанда жүргөн 56 жаштагы кыргызстандык аял мекенине кайтарылган.

Ушул тапта миграциядан ары дайынсыз кеткенин айтып, Кызыл чырым уюмуна Кыргызстандан алтымыштан ашуун киши жакынын издеп кайрылган.

63 жаштагы Разия Уметованын жалгыз уулу Нурлан Уметов сегиз жылдан бери дайынсыз. 30 жаштагы кызынан айрылып, уулу дайынсыз кеткен Разия эненин абалы айтпаса дагы түшүнүктүү.

1992-жылы 3-августта туулган Нурлан Уметов мектепти бүткөн соң аскерге чакырылып, чек арада кызмат өтөгөн. Үйлөнүп, балалуу болгондон кийин 23 жашында Москвага иштегени кеткен. Көп өтпөй андан апасына кечирим сураган билдирүү келген.

"2014-жылы декабрда Москвага иштегени кеткен. Январда айында "Апа, кечирип коюңуз. Мен сизди кубандыра албай калдым. Мен Аллахтын жолуна түшүп, Сирияга кетип жатам" деген билдирүү жөнөтүптүр. Жүрөгүм "шуу" дей түштү. Дароо эле чалсам, телефону өчүк экен. Бир ай күнү-түнү дебей чалдым. Стресс болуп, депрессияга түштүм. Биринчи ишенген жокмун. Одноклассники социалдык тармагына жаздым, жооп болбоду. Достору дагы "аяш эне, Нурланга жазсак жооп бербей жатат го" деп сурашты. Тогуз ай болгондо издейин деп Түркияга бардым. Ал жерде эжемдин кызы бар. Мен Сирияга кирем, жолдорун мага көрсөт, баламды алып чыгам дедим. "Өзүңүз кошо жоголуп кетесиз" деп макул болбой койду. Тогуз ай Түркияда ар кайсы ишти кылып жүрдүм, ал жакта бутум сынып, өзүм дагы өлөйүн деп араң үйүмө келдим", - дейт уулун күткөн эне.

Разия Уметова Түркиядан келгенден кийин гана баласынын дайынсыз болуп жатканын, Сирияга кирип кеткенин УКМКга кабарлаган. Издөөгө жардам берүүнү өтүнүп Кызыл ай коомунун Кыргызстандагы бөлүмүнө кайрылган.

"Күнү-түнү эсимде, оюмда балам. Уктасам дагы түшүмө издегендерим кирет. Анын жакшы көргөн тамактарын жей албайм, тамагымдан өтпөйт. Ошол жылдан бери үнүн укканга зар болуп жүрөм. Келинчеги, балдары менен деле байланышпаптыр. Бирок күтөм, баягы үмүт, күтөм, күтөм, күтөм... Кудай кааласа, кетмендеген келбейт, кеткен келет деп күтүп эле отурам. Бул жалгыз балам, Кудайдан тилеп атып төрөп алгам. Кудай буйруса, мындан ары балдарыбыз адашпасын, эч кимдин баласы жоголбосун, эч бир баланын атасы ата-энеси жоголбосун... Намаз окуп, дааватка барып жүргөн бала эле. Менимче, 2015-жылы өлкөбүздө дин саясаты ыраатсыз болгондуктан, маалыматы жок болчу. Ошол жылдары көптөр адашып кетип калган да... Балам "Бейиш энелердин таманында" деп айтчу эле. Мына азыр энеси мен бармын, алдыма келбей, кандай болуп кетип калганын түшүнбөйм. Бир кучактап өпсөм мейли эле, анан кийин өлсөм дагы ыраазымын. Тирүү келгенин көрүп калсам эле болду".

Макаланын видеосун бул жерден көрө аласыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык эмгек уюмунун 12-сентябрдагы баяндамасына ылайык, дүйнөдө дээрлик 28 миллион адам кулчулукта жүрөт, дагы 22 миллион киши мажбурлап никеге турууга мажбур болгон. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 10 миллионго көп.

Кулчулукка кабылгандардын көбү өндүрүш, курулуш, айыл чарба жана үй жумуштары сыяктуу иштерге тартылган.

Уюм акыркы беш жылда кулчулукка кабылгандардын көбөйүшүн COVID-19 пандемиясы, климаттын өзгөрүшү жана энергетикалык кризистен улам дүйнөдө экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *