Паранжы менен сакал: кыргызга келбет, коңшуларга коопсуздук
Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Ал мындай чара коомдун коопсуздугу үчүн маанилүү деп эсептейт. Коомдо мындай чектөөнүн киришин жактагандар да, буга каршы болгондор да бар.
“Акыркы күндөрү паранжы жамынгандар көбөйүп жатат. Аларды жоолук салынбасын дебейм. Бирок өзүнүн жүзүн жаап, идентификациясын аныктоого мүмкүн болбогондой чүмкөнүп алганы өтө кооптуу. Ушул боюнча мамлекеттик чара көрбөсөк болбой калды”, - деп депутат Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында айткан.
Эки айдан кийин бул маселе боюнча мыйзам долбоорун жазып, документ 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Анда жаранды жүзүнөн таанууга мүмкүн болбогондой жабык кийимдерди кийүүгө тыюу салынары жазылган. Ошондой эле узун сакал койгонго да болбойт.
Долбоордо сакалдын узундугу боюнча чек аныкталган эмес, болгону "жарандын өздүгүн тактоого мүмкүн болбой турганчалык өстүрүүгө тыюу салынары" жазылган.
Депутат мындай чара коомдун коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл деп эсептейт. Мыйзам кабыл алынса, аны аткарбагандарга 2 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат же 30 күн коомдук жумушка тартылат. Мындай көрүнүш кайталанса, айып пулдун жана жумушка тартуунун мөөнөтү көбөйөт.
Аалымдар кеңешинин тынчсыздануусу
Мыйзам долбоору коомчулукта ар кандай талкууларга жол ачты. Айрымдар өлкөдө динди жамынып чектен чыккандар бар экенин белгилешсе, айрымдар бул жарандардын дин тутунуу эркиндигине жолтоо болбойбу деп чочулап жатышат. Ал арада Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши мындай сунушка тынчсызданып, маселени чектөө менен эмес, агартуу, түшүндүрүү менен чечиш керек деген таризде маалымат таратты.
Анда Кыргызстанда салттуу деп эсептелген Ханафий мазхабы боюнча аялдардын денесин жаап жүрүшү боюнча так өкүмдөр бар экени айтылган.
“Бирок никаб (паранжы) парз эмес. Азыр хижабдын деңгээлине да жете албагандар арбын. Андыктан хижаб - негизги парз. Хижабдын (тасаттур) белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийингени туура деп эсептешет. Ал эми сакал коюу ислам дининде сүннөт амалдардан. Аны тыкан, таза кармоо адептерден. Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз”.
Мажитова диний көз карашынан улам жүзүн жаап жүргөндөргө чара көрүү маселесин көтөргөндө да коомдо талкуу жараткан. Ошол маалда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев паранжыга байланыштуу мындай пикирин билдирген:
"Динибизде никаб, анан хижаб бар. Аялзатынын Алла Таала буйрук кылган дене мүчөлөрүн жаап жүрүшүн хижаб дейбиз. Бул парз, биз башынан хижабды колдоп келе жатабыз. Никаб деп жүзүн жаап алганды айтабыз. Никабды каалагандар жамына алат, биз мунун парз эмес экенин айтып жүрөбүз".
Документтин түшүндүрмөсүндө мыйзам долбоорунун негизги максаты коомдук коопсуздукту бекемдөө экени жазылган.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет өлкөдө диний кырдаал туруктуу жана коопсуздук жагында коркунуч жок деп ишендирди:
"Өлкөдө диний кырдаал туруктуу. Биздеги абал коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы экенин айта алабыз. Бул ушул тармакта жасалган иштердин, жүргөн саясаттын жыйынтыгы. Албетте, аткарыла турган иштер, чечиле турган маселелер бар. Жалпысынан абалды туруктуу деп баалайбыз", - деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Канат Мидин уулу.
Борбор Азияга мүнөздүү чаралар
Диний көз караштан улам паранжы жамынууга жана сакал коюуга каршы чаралар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да киргизилип келген.
Сентябрда Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартуу каралган мыйзам долбоорун жактырган. Ушул эле айда Казакстандын маданият жана маалымат министрлиги мектепке хижаб кийип барууга тыюу салган чечим чыгарды. Аймактагы мындай чаралар диний коопсуздук жана улуттук баалуулукту коргоо максатын көздөй турганы айтылып келет.
АКШнын Эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясы быйыл май айында чыгарган баяндамасында "Тажикстанда дин тутуу эркиндигинин абалы кейиштүү бойдон калууда, өкмөт мусулмандарды репрессиялоону улантууда" деп белгилеген.
Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев аймакта радикалдык топтордун коркунучу бар деген пикирде:
“Бул маселени түшүндүрүү иштери сөзсүз жүрүшү керек. Антпесе, радикалдык топтор динге кысым болуп жатат, мусулмандардын эркиндиги чектелүүдө, хижабга тыюу салып жатат деп талкуу жаратып ийиши мүмкүн. Бул маселеде муфтияттын, ЖМКлардын аянтчалары менен түшүндүрүү иштери жүрүшү керек. Бул коопсуздук үчүн да аябай маанилүү”, - деди Молдалиев.
"Динди колдонгон саясатчылар да бар"
Кыргызстанда атайын кызмат ар кандай террордук жана экстремисттик топтордун мүчөлөрү кармалып жатканын акыркы убакта байма-бай билдирип жатат. Өткөн аптада чет өлкөлөрдө аракеттенип жаткан экстремисттик жана террордук согуштук топторду каржылоо үчүн Ошто каракчылык кылууга шек саналып 11 киши кармалган. Алардын жашаган жерин тинткенде курал-жарак, жардыруучу заттар, андан сырткары кара түстөгү желек, ар кандай диний адабияттар табылганы айтылган. Ошто быйыл экстремизм-терроризмге шек саналып көп сандагы курал-жарак менен эки топтун 28 мүчөсү кармалды.
Акыркы жылдары элдин диний ишенимин өз кызыкчылыгы үчүн пайдалангандар көбөйгөнүн, мындайлардын катарында саясатчылардан тарта турак жай кооперативдери бар экенин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Канат Мидин уулу белгиледи:
"Мисалга алсак, элдин динге болгон кызыгуусун жана аруу ойлорун пайдаланган турак жай корпоративдери ачылды. Алар диний риториканы колдонот жана аталыштарды да динге ылайыктап тандаганы үчүн эл "алар алдабайт, таза иштейт" деп ишенген. Бирок аягында кооперативдер элдин баарын кыйнап жатат. Ушул сыяктуу эле таризде айрыкча соңку шайлоолордо диний риториканы колдонгон, элдин динге карата оюн өз саясий максаттарына жетүү үчүн пайдаланган саясатчылар жана саясий партиялар пайда болду".
Канат Мидин уулунун айтымында, мекеме дин тутуу эркиндигине байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат, анын ичинде диний багыттагы саясий партияларга тыюу салуу боюнча да норма камтылган.
Баш мыйзамда Кыргызстан секулярдык өлкө экени, мамлекетти башкарууга дин аралашпай турганы жазылган.