Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Ингушетияда кыргызстандык жаран мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип кармалды

0

Орусиянын Ингушетия автоном республикасынын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, кыргызстандык 31 жаштагы жаран мыйзамсыз миграция уюштурууга айыпталып кармалды.

Маалыматка ылайык, ал былтыркы жылдын декабрынан бери Азербайжандын беш жаранын Орусияга алып барып, ишке уруксат берүүчү документтери жана каттоосу жок иштетип жүргөн. Азербайжандык мигранттар бул аралыкта ишкананын ижарага алынган имаратында жашап келген.

Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин 322-беренеси (Мыйзамсыз миграция уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Кыргызстандык жаранга карата тилкаттын негизинде эч жакка чыкпоо түрүндө бөгөт чарасы аныкталган.

Бул боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат бере элек.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматында, 2022-жылы Орусияда Кыргызстандын жарандары катышкан 3192 кылмыш катталган.

ИИМдин 2022-жылга карата маалыматында, Орусияда 1077 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурат.

Башкы прокуратура былтыр Орусия менен Казакстандын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 66 кыргызстандыкты өлкөгө экстрадиция кылган. Быйыл 35 кыргыз жараны мекенине экстрадиция болгонун 20-июлда Башкы прокуратуранын өкүлү Назарбек Кенжеев маалымдаган.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *