Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Караколдо жоголуп табылган кыз мурда ур-токмокко кабылганы билинди

0
Караколдо жоголуп табылган кыз мурда ур-токмокко кабылганы билинди

Каракол шаарында 16-ноябрда жоголуп, эртеси табылган 8-класста окуган кыз бир ай мурун мектептеги өзүнөн чоң класста окуган кыздардын ур-токмогуна кабылган.

Маалыматты "Азаттыкка" кыз окуган №11 мектеп гимназиясынын директору Гүлзат Сөйкөева бышыктады. Бирок кыздын жоголгонуна ал видеонун тиешеси жоктугун кошумчалады.

"Кечээ окуучуну издеп жатканда видеону көрдүк. Бул видеодогу окуя октябрь айында болуптур. Ошондо кыздар өз ара маселесин чечүү үчүн ушундай ишке барышкан. Андан кийин ал маселени чечип, азыр алардын мамилеси жакшы экен", - деди гимназиянын директору.

Бейшембиде Караколдо 8-класстын окуучусу мектептен саат 12:30 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Кызды шаар тургундары, мэрия, милиция, мугалимдер түнү менен издешкен. Алар шаардагы кароосуз калган имараттарды, суу жээктерин, парктарды, кафелерди карап чыккан. 17-ноябрда ал кыз таң эрте табылган.

"Биз бүгүн ал окуучу менен сүйлөштүк, анда ал мектепте жаман бааларды алып калганы үчүн ата-энесинен коркуп ушул ишке барганын айтты. Анткени кечээ апасын класс жетекчиси мектепке чакырып, кызы акыркы убакта сабакты жакшы окубай калганын, сабактан качып, кечигип келип жатканын айткан. Ошондо апасы кызын урушуп, «бизди уят кылдың» деп телефонун алып алган. Ошондо кыз апасынын жанынан качып кетип дайынсыз болгон», - деди Сөйкөева.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы бул окуяны териштирип жатат. «Бизде акыркы убакта мектептен чыгып жоголуп кеткен окуялар катталып жаткандыктан биз күндө окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Ата-энелерге дагы кайрылуудабыз», - деп билдирди маалымат кызматы.

Буга чейин дагы эки окуучу кыз жоголуп кайра табылса, эки өспүрүм суицид жасаган. (AKa)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *