Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Газадан чыгарылган жүздөй казакстандык Алматыга учуп келди

0
Газадан чыгарылган жүздөй казакстандык Алматыга учуп келди

17-ноябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесинен казакстандыктарды эвакуациялоо иши жыйынтыкталганын билдирди. Атайын борт менен Алматыга 99 казак жараны үй-бүлө мүчөлөрү менен жеткирилди. 

Мекеме тараткан билдирүүдө айтылгандай, аларга убактылуу турак-жай берилип, укуктук, медициналык жана башка жардам көрсөтүлүүдө.

Казакстан өз жарандарын Израилдеги, Иорданиядагы жана Египеттеги элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын биргелешкен аракети менен согуш болуп жаткан аймактан чыгарды.

Эвакуациялангандар Рафах өткөрмө бекети аркылуу Египеттин аймагына чыгарылып, Каирдеги мейманканага жайгаштырылган. Жалпысынан Газа тилкесинде 122 казак жараны бардыгы кабарланган эле.

Буга чейин бир казакстандык аял согуш жүрүп жаткан жерде мүрт кеткени маалым болгон.

Маалыматта жаңжал жүрүп жаткан аймакта калган казакстандыктарга жардам көрсөтүү иши уланары айтылган.

ХАМАСтын (АКШ жана Европада террордук деп таанылган) жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 220дай кишини барымтага алган. Кандуу чабуулдарда 1200дөй киши өлгөнү маалымдалган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери толук курчоодо калган анклавда 11 миңден ашуун адам набыт болду. Алардын 4500ү балдар. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *