Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Армения Эл аралык кылмыш сотуна февралда расмий кошулат

0
Армения Эл аралык кылмыш сотуна февралда расмий кошулат

Гаага трибуналы Армения Эл аралык кылмыш сотуна мүчөлүккө арызын тапшырганын 17-ноябрда билдирди. Ереван 2024-жылдын февралында айында расмий кошулары кабарланды.

​Өткөн айда Армения Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныган Рим статутун ратификациялаган. Ереван билдиргендей, бул Гаага трибуналынын прокурорлоруна жикчил Тоолуу Карабак аймагында болгон "ыктымал кылмыштарды" иликтөөгө жол ачат.

Сентябрь айында Баку ондогон жылдан бери өз алдынчалык жарыялап алган аймакты чагылгандай тездик менен өз көзөмөлүнө алган. Мындан улам аймактагы 120 миңдей киши Арменияга чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Ереван документти ратификациялагандан кийин, эми уставдык нормага ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин Арменияга барса аны камоого милдеттүү болот.

Москва Армениянын эл аралык келишимге кошулуусу эки тараптуу мамилелерге "терс таасирин тийгизерин" эскерткен.

Кыргызстанда Рим статутун ратификациялоо демилгесинин алкагында иштер жүрүп жатканы айтылат. Документти Тажикстан 2000-жылдын 5-майында  ратификациялаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *