Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Путин сексуалдык азчылыктар коомдун бир бөлүгү экенин айтты

0
Путин сексуалдык азчылыктар коомдун бир бөлүгү экенин айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин жума күнү Санкт-Петербургда өткөн маданий форумда ЛГБТ мүчөлөрүнө жана бул искусстводогу бул тематикага колдоосун билдирди. Бул тууралуу "Свобода" радиосу жазды. 

Орусиянын лидери мындай пикирин Орусиянын Юстиция министрлиги "ЛГБТ эл аралык коомдук кыймылын" экстремисттик деп таанууну сунуштап, Жогорку сотко кайрылган маалда айтты.

Путин сербиялык кино режиссер Эмир Кустурицанын суроосуна жооп берип жатып, эл аралык кинофестивалдарда, мисалы, анын ичинде "Оскар" сыйлыктарын алыш үчүн авторлор ЛГБТга колдоосун билдирүүгө милдеттүү экенин айтты.

Ал Батышта жеңишке жетүү үчүн "сексуалдык азчылыктардын, трансгендерлердин жана башка жыныстык багытын өзгөрткөндөрдүн жашоосун айтып, жазып, көрсөтүүсү керек", - деди.

"Көпчүлүккө күтүлбөгөн нерсени айтайын: алар да, бул жааттагы темалар да, бул адамдар дагы жеңишке жетүүгө, аларды көрсөтүүгө жана баяндоого укуктуу. Себеби, ал адамдар дагы коомдун бир бөлүгү. Бирок, алар бардык эле конкурсттарды калтырбай ута берсе мына ушул нерсе жаман. Ошол эле маалда бул деген тең укуктуулукка умтулуу ... мындай теңчилик бардык жерде, анын ичинде маданият жаатындагы сынактарда да болушу керек", - деди Путин.

Путин мындай пикирин айткан күнү Орусиянын Юстиция министрлиги "ЛГБТ эл аралык коомдук кыймылын" "экстремисттик" деп таануу талабы менен Жогорку сотко кайрылды.

Эксперттер жана укук коргоочулар эгерде сот тарабынан мындай аныктама кабыл алынса, ЛГБТны колдогон активисттер жана бейөкмөт уюмдар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын белгилешүүдө.

Орусияда 2022-жылдын декабрынан бери ЛГБТны пропагандалоого тыюу салган мыйзам иштейт. Ага ылайык ЛГБТны колдогон иш-чара гана эмес, сөз айткандарга да жаза каралган. Мисалы, ошол эле Путиндин Петербург форумунда айткан мындай пикири үчүн сот катардагы жаранга 200 миң рубль, кызмат адамдарына 400 миң рублга чейин айып пул чектемек.

Кыргызстанда дагы ЛГБТга каршы пикирлер айтылып келет. Айрым депутаттар бул жаатта мыйзамдарды катаалдатуу керек деп эсептешет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *