Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Караколдо монитор менен сабалган аял үйдө дарыланууда

0
Караколдо монитор менен сабалган аял үйдө дарыланууда

Каракол шаарында компьютердин монитору менен сабалган аял амбулатордук дарылануу алып жатат..

Укук коргоочу Камил Рузиевдин маалыматында, токмок жеген аял милицияга арыз менен кайрылды.

Рузиев жабырлануучуга милиция бөлүмүнөн жолукканын, Стамбул протоколу (кыйноо жана сабоону аныктоочу медициналык документ) толтурулганын маалымдады.

Милициянын маалыматында 16-ноябрда Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы дүкөндөрдүн биринде 47 жаштагы жаран 1983-жылы туулган О.Э. аттуу аялын компьютердин монитору менен чаап, сабаган.  

Аял жазган арызында күйөөсү көптөн бери кол көтөрүп, ар кандай кордук көрсөтүп келгенин белгилеген. Анын негизинде аялга "коргоо ордери", күйөөсүнө эскертүү берилген.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө быйыл сегиз айдын ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8 512 факт катталган. 7 419 аялга милиция “коргонуу ордерин” берген.

Кыргызстан 2017-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берип, тиешелүү чараларды илгертпей көрүүгө тийиш. (AKa)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *