Дилмурад Рахманов Кызыл-Кыштак айыл аймагынан Кыргызстандын 2-элдик Курултайына делегат болуп шайланды
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында сегиз айылда 44 миңден ашуун эл жашайт. 2023-жылдын 18-ноябрында Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Курултайы болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын 2-Элдик Курултайын чакыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык айыл аймагынын 200 делегаты көпчүлүк добуш менен Рахманов Дилмурад Дилдорбековичди Кыргыз Республикасынын 2-Элдик Курултайына делегат кылып шайлады.
Мындан бир жыл мурун айыл аймагынын тургундары да Д.Рахмановду Кыргызстандын 1-элдик Курултайына делегат кылып шайлашкан. Дилмурад Рахманов 1949-1952-жылдары Кызыл-Кыштак айылдык кеңешин жетектеген Уринбой Рахмоновдун небереси.
Рахманов Дилмурад Дилдорбекович 1973-жылы 9-январда Кыргызстандын Ош шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз Республикасынын жараны, улуту өзбек, партиялык эмес, билими жогорку, үй-бүлөлүү, үч баласы бар.
1988-1992-жылдары электромеханикалык техникумда окуган.
1992-жылы Ташкент мамлекеттик техникалык университетине тапшырган.
1997-жылы Анжиян инженердик-экономикалык институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган.
2015-2016-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты, бюджеттик комиссиянын мүчөсү болуп шайланган.
2016-жылдын 11-декабрында Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты болуп 2 жолу шайланган.
05.11.2022 жылы Кыргызстандын 1-элдик Курултайына делегат болуп шайланган.
2023 жылы Кыргыз Республикасынын Өзбек улуттук-маданий борборунун курултайына Ош облусунан делегат болуп шайланган.
18.11.2023 жылы Кыргызстандын II Элдик Курултайына делегат болуп шайланды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кеңешчиси болгон.
Квалификацияны жогорулатуу:
2004 Ош шаарындагы Жарандык коомду колдоо борборунда «Гранттык долбоорлорду иштеп чыгуу» курсу.
2006 Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде «Гранттык бизнес-долбоорлорду жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу» курсу.
2016 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “Мамлекеттик сатып алуулар” окуу борборунун сертификатына ээ.
2021 Кыргыз тилин билүү боюнча Кыргызтесттин сертификатына ээ.
Башкы кызматка муниципалдык кадрдык резервде турат.
Курултайдын делегаттары айыл өкмөттүн эң орчундуу көйгөйлөрүн айтышты, анын ичинде мурдагы Төлөйкөн ооруканасынын базасында балдар бөлүмүн, терапия бөлүмүн жана тез жардам бекетин куруу, Сураташ, Коммунист, Анжиян, Ишкаван айылдарына мектептерди, бала бакчаларды куруу жана чек ара айылдарынын статусун алуу. Жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймагынын тургундарынын басымдуу бөлүгү Ош шаарынын курамына кирүүдөн баш тартышты.