Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Байсалов Орусия улуу маданияттын очогу экенин айтты

0
Байсалов Орусия улуу маданияттын очогу экенин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербурда өткөн эл аралык IX маданий форумга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Байсалов анда "Орусия улуу маданияттын өлкөсү катары кылымдар бою дүйнөлүк цивилизациянын талашсыз борборлорунун бири болуп келгенин" айтып, азыр да бул өлкө жалпы адамзаттын жашоосуна жана дүйнө таанымына зор таасирин тийгизүүдө зор роль ойноп жатканын белгилеген.

"Бүгүн биз заманбап дүйнөдө актуалдуу болуп бараткан теманы – маданий эгемендикти талкуулап жатабыз. Ааламдашуу жана маалыматтык технологиялар доорунда ар бир өлкөнүн маданий мейкиндиги болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга дуушар болууда”, - деген Эдил Байсалов дүйнөдө маданият согушу жаңы көрүнүш эмес экенин, азыр ал жаңы формаларга ээ болгонун белгилеген.

Анын пикиринде, Кыргызстан өзүнүн бай, кайталангыс маданий мурастарын жана өзгөчөлүгүн сактап, өнүктүрүп, ошол эле маалда маданиятта көп түрдүүлүктү урматтап, диалогго умтулат.

Байсалов жыйында "Кыргыз Республикасы улуу орус маданиятын жок кылуу, анын алдыңкы өкүлдөрүн жазалоо аракеттерин чечкиндүү түрдө четке кагарын билдиргим келет" деди жана евроцентризмдин "өнүкпөй калган калдыктарын" сынга алып, "маданий мурастарды сактап калууда" форумдун катышуучуларын биргелешип аракет кылууга чакырды.

Санкт-Петербург эл аралык маданий форуму бул ар кандай маданияттардын жана улуттардын өкүлдөрүн бириктирген жыйын.

Ага быйыл дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн, анын ичинде КМШ, ШКУ, БРИКС жана башка мамлекеттерден өкүлдөр катышып, инновациялык долбоорлорду, өзгөрүп жаткан дүйнө маданиятынын жана искусствосунун абалын талкуулашты.

Бул жолу форум "тарыхты маданият аркылуу билүү", "жасалма интеллект маданият үчүн коркунучпу же жакшылыкпы", "салттуу маданият коомду куруунун пайдубалы", "театр", "музей", "кино", "музыкалык маданият", "ишкерлик маданият", "медиа маданияты" темаларында өттү. Анда белгилүү маданият ишмерлери, эксперттер өз пикирлерин ортого салышты.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *