Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Патенттин 12 түрү жоюлуп, базарларда салыктын жаңы эрежеси кирет

0
Патенттин 12 түрү жоюлуп, базарларда салыктын жаңы эрежеси кирет

2024-жылдын 1-январынан тарта соода жаатындагы ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлганы турат. Салык кызматы аларды башка салык режимдерине өтүүгө чакырууда. Чакан соодада жүргөн ишкерлер электрондук жабдыктарга өтүү ыңгайсыз экенин айтып нааразы болууда. Айрым эксперттер өкмөт экономиканы алдыга сүрөөнүн башка жолдорун издебей, жеңилине качырып, салык чогултууга басым жасап жатат деп сындап чыкты. 

Соодагерлердин нааразылыгы

Бишкек шаарында дүкөн иштеткен Света жаңы жылдан алардын патентин жоюп, салык төлөөнүн башка режимине өткөрүп жатышканын айтты:

“Патент менен иштеп атабыз. Бирок баарыбызды ИПга (жеке ишкердикке) өткөрүп жатат го. “Жаңы жылга чейин өтүшүңөр керек” деп эле жанды койбой атат. Дүкөндөрдүн баарын эле азыр ошентип атыптыр. Ал чарчы метрине карап эсептелет экен”.

Ал эми “Дордой” базарында унаа тетиктерин сатып иштеген Азамат учурда салыкчылар патент бербей калганын, дүң сатуучулардан 10% кошумча төлөм төлөтүп жатканын билдирди. Ал ишкерлерге мындай кошумча төлөмдөр көбөйсө, товардын баасы кымбатташы турган иш экенин белгилейт:

“Дордойду” бүт ККМге өткүлө деп атат. Аныгын билбейм, бизден товар алгандар айтып атат, товардын ар бир даанасына 10% төлөйсүңөр деп атыптыр. “Эгерде жаңы жылга чейин өзүңөр келип төлөсөңөр, бүт калдыгыңарды алып чыгып, ошого жараша төлөгүлө, болбосо жаңы жылдан кийин 75 миң сомдон айыппул салып, өзүбүз эсептеп төлөтөбүз” деп атышыптыр салыкчылар. Биз Кытайдан алып келип жатканда бир доллардан бажы алымдарын да төлөйбүз. Кайра дагы “Дордойдун” ичиндеги дүң соодагерлерге 10% төлөйсүңөр деп атыптыр. Көрөбүз да эми, буюрганы болот. Бирок андай болгондо товарлар өтө кымбаттайт. 10% биз өзүбүз да кошпойбуз, 7-8% кошобуз. Анан тигилер 10% дей турган болсо, товардын баасынын үстүнө дээрлик 20% кошуш керек”.

Патенттин 12 түрү жоюлат

Өкмөт жарыялаган жоюлуучу патенттер тизмеги ишкердиктин 12 түрүн камтыйт. Алар 1-январга чейин салык төлөөнүн жалпы же бирдиктүү режимдерине өтүшү керек. Жыл соңуна чейин патент менен иштеген ишкерлер катталган аймагындагы салык органдарына арыз менен кайрылууга тийиш. Салык кызматы учурда соода иши менен алектенген ишкерлерге жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын он айында 1,7 млрд сомго 780 миңден ашык электрондук патент берилген. Бул ишкер субъектилердин саны эмес, эсептин ичинде патентти бир жолу алып, ошол бойдон токтоп калгандары да болсо, улам-улам узартып жаткандары да бар. Узарткан сайын эсепке кошула берет. Анын ичинен 413 миңи ишкердиктин учурда жоюлуп жаткан 12 түрүнө таандык.

Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Эркин Сазыков салык жыйноонун патенттик системасы эгемен Кыргызстандын экономикасынын өткөөл мезгилинде убактылуу колдонгон чара болгонун айтты. Ал система эскирип, жагдай санарип форматка өтүүнү талап кылып жатканын айтты:

“Арабачы болобу, дүкөндө отурган ишкерби – кирешеси 8 млн сомго чейин болсо, анда ал салыгын төлөбөй эле иштейт. Бирок, эң негизгиси, ККМди колдонушу керек. ККМдин дагы форматтары көп: онлайн ККМ бар – кол телефонуна эле орнотуп алат, кагаз түрүндөгү ККМ бар, азыр гибриддик ККМдер дагы пайда болду. Биз акырындык менен өсүшүбүз керек. Ар бири эле “менин мүмкүнчүлүгүм болбойт, кыла албайм” дебей, үйрөнүшү керек. Биз аларга ККМди сатып ал деп айткан жокпуз. “Ошол эле онлайн ККМди смартфонуңузга жүктөп алыңыз, ошол жерден эле берсеңиз болот” деп атабыз. Азыр ар бир жарандын уюлдук аппаратында интернети бар. Онлайн-ККМ деген кичинекей, оңой эле программа. Анын электрондук түрдө чек берүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Патенттин бир эле түрү – сатуу жаатындагылары эле жоюлуп жатат. Ал эми дагы жетиштүү эле түрү калып жатат”.

Патенттин негизинде соода кылган жана эмгек кызматын аткарган ишмердиктин түрлөрү бар.

Жалпы салык режиминде ишмердигине жараша мыйзамдарда каралган жалпы негиздеги ставкаларды төлөйт. Бирдиктүү салык салыктын жөнөкөйлөтүлгөн системасы болуп саналат. Эгерде жылдык жүгүртүүсүнүн көлөмү 8 млн сомго чейин болсо, салык төлөнбөйт. Эгерде 30 млн сомго чейин болсо - 0,5%, 50 млн сомго чейин - 1% төлөйт. Бирок бир талап бар – бирдиктүү салык режиминде иштегендер ККМ жабдыкты колдонууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана дагы бир катар милдеттерди аткарууга тийиш.

2022-жылга чейин патент системасы ыктыярдуу жана милдеттүү патент болуп экиге бөлүнчү. Милдеттүү патент жоюлган соң, ыктыярдуу патент жөн эле патент деп аталып калган. Ал иштин түрүнө жараша "жеке эмгек иши" жана "жеке ишкердик иш" болуп бөлүнөт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, тизмеде патенттин негизинде иштөөнүн 86 түрү камтылган. Анын ичинен 56 жеке ишкердик иш, 30 жеке эмгек иши боюнча болчу.

2022-жылдын башында жаңы Cалык кодекси күчүнө киргенден кийин, патенттин 22 түрү жоко чыгарылган жана жаңы беш түрү кошулган. Учурда патенттик ишмердиктин жалпы 69 түрү бар. Анын ичинен жеке ишкердик боюнча 36, жеке эмгек иши боюнча 33 патент.

2023-жылдан баштап ишкерлер үчүн кагаз документтердин ордуна электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТН) да милдеттүү боло баштаган. Мындай өзгөртүүлөрдөн улам Бишкекте жана айрым аймактарда бир катар нааразылык акциялары болуп өткөн.

Өкмөт салык реформалары көмүскө экономиканы ачыкка чыгарат деген ишеним менен жүргүзүп жатат. Ар бир ишкер өз соодасынын көлөмүнө жараша салык төгүшү керек, сатылып жаткан товардын тарыхы ачык-айкын болушу шарт деген принцип коюлууда.

24-октябрда Нарын шаарында патентти жоюуга нааразы болгон соодагерлер акцияга чыгышкан. Алар бирдиктүү салык режимине өтүп, 0,5% же 1% ставка менен салык төлөөгө каршы болушкан.

Ишкерлер соода жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаганы менен, салыкчылар “ККМди баскан жоксуң, электрондук эсеп фактураларды алган эмессиң” деп, ар кандай амалдар менен айыппулдарды салып, капчыгын какканга аракет кылат деп кооптонушарын билдирген.

“Мисалы, салыкчылар бизди текшериш үчүн атайын кишилерин киргизип турушат. Эгерде кандайдыр бир себеп менен биз ККМ-чекти кеспей калсак, алгач беш миң сом, андан кийин 13 миң сом айыппул салышат экен. Анан биз салыкчыларга “5-13 миң сомду төлөй албайбыз, ме 2000-3000 сомду алып эптеп жаап кой” дейбиз. Салыкчылардын күнү тууйт, коррупция мына ошондон башталат. Андан көрө мурункудай, патент менен эле калганыбыз жакшы. Биздин акчабызды текшергидей алардын кандай акысы бар? Же пайызы жок миллиондоп насыя берип койбосо. Биз азыр насыя ала албай жатабыз, патенттин негизинде иштеп, насыя алып оокат кылчубуз да”, - деген митингге чыккан бир ишкер.

“Биз товарды мамлекеттин чөнтөгүнөн алып көбөйткөн жокпуз да. Биз насыя алып, анын үстөгүн кошуп төлөп товарыбызды көбөйтүп жатабыз. Мисалы, ошол акчаны Жапаровдун же салыктын чоңунун чөнтөгүнөн алган жокпуз да. Өзүбүздүн маңдай тер, эмгек акыбыз менен тапкан нерсебизге кол салгыдай булардын кандай акылары бар?”, - деп суроо салган дагы бир ишкер.

Базарларга салыктын жаңы эрежеси кирет

2022-жылы патент системасын жоюп, соодадагы бардык ишкерлерди көзөмөл-кассалык машинага өткөрүү чарасы Бишкектеги жана аймактардагы бир катар базарлардын соодагерлеринин нааразылыгын тутанткан. Өкмөт өкүлдөрү менен ишкерлердин бир катар талкууларынан соң экономика министрлиги “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларына карата өзгөчө режим колдонуу мыйзамы иштелип чыккан. Бирок аталган базарларда патент системасын калтырып, башка жакта соода кылгандарга көзөмөл-кассалык машинасын колдонууну милдеттендирген мамилеге бир катар депутаттар нааразы болушкан.

Мындан улам Министрлер кабинетинин 4-сентябрдагы атайын токтому менен “Базарлардын жана кичи базарлардын иштешине талаптар жөнүндө” Жобо бекитилген. Ал боюнча базарлардын иштешине, жайгашкан аймактарын тосууга, көрктөндүрүүгө жана жабдууга карата талаптар бекитилген. Ошондой эле базарлардын дирекцияларынын жана соода субъекттеринин милдеттери жана жоопкерчилиги аныкталган.

Жобонун дагы бир пунктуна ылайык, реестрге кирген базарларда эмгектенген соода субъектилерине да патент берүү токтотулуп, жаңы жылдан тарта бирдиктүү салыктын негизинде 0,1% ставка менен салык төлөй башташат. Маселен, эгерде кайсы бир базар өкмөт бекиткен талаптардын баарын аткарса, салык органы аларды анализдеп, экономика министрлигине берет, андан кийин министрлер кабинети бекитип, аларды базарлардын реестрине киргизет.

Эркин Сазыков учурда базарлардын реестрин түзүү иши жүрүп жатканын билдирди:

“Азыркы учурда базарларды реестрге киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Азыр Министрлер кабинетинен “бул базарлар реестрге кирди” деген документ бизге түшө элек. Экономика министрлиги менен салык кызматынын кызматкерлери азыркы убакта базарлардын дирекциялары менен иштеп атат. Алар ушул реестрге кирип калса, 2024-жылдан баштап ошол ставкалар менен иштейт. Ал эми реестрге кирбей калган базарларда иштегендер кирешеси 8 млн сомго чейин болсо, салык төлөшпөйт, 30 млн сомго чейин 0,5% жана 50 млн сомго чейин болсо, 1% төлөйт. Биз “Дордойду”, “Кара-Сууну” же “Мадинаны” гана калтырабыз деп бөлбөйбүз. Реестрге базарлардын баары кириши мүмкүн. Эгерде базарлар Министрлер кабинети тарабынан бекитилген талаптарга жооп берип, реестрге кирсе, анда алар автоматтык түрдө салыкты 0,1% төлөйт. Бардык базарлар кирүүгө укуктуу болот”.

"Өкмөт көмүскө экономика менен алекстенсе болмок"

Айрым эксперттер азыркы өкмөттүн экономикалык саясаты өтө примитивдүү негизде жүрүп жатканын айтышууда. Алар көбүнчө өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун дарегине сын айтып, прогрессивдүү экономикалык көз карашы, инновациялык өнүгүү программасы жок экенин белгилешет. Бюджеттин көлөмүн көбөйтүү жана социалдык-экономикалык турмушка дем берип туруу үчүн барган сайын көбүрөөк салык чогултууга умтулуп жатат дешет.

Экономика жаатындагы эксперт Абдумалик Кудайбердиев өкмөт көмүскө экономиканы оң жолго салууга көбүрөөк күч-кубатын жумшаса болмок деген пикирде:

“Мамлекеттин бюджетин көбөйтөбүз” деген жок ураанды коюп туруп, булар ушинтип элди кыйнап атышат. Мамлекеттин бюджети салыкты көбөйткөндөн өспөйт. Бүгүнкү күндө бизде 80% экономика көмүскөдө. Ошону көмүскөдөн чыгаруу менен бюджет көбөйөт. Атайылап эле элди кыйнап, өздөрүн иштеген сыяктанып көрсөтүш бул. Эч бир туура эмес саясат. Мына азыркы Салык кодексин киргизгенде депутаттар кетип атканда мажбурлап өткөрүшкөн. Өзү кетип аткан депутаттар мындай чоң, стратегиялык документти кабыл албайт да. Көмүскөдө дегени менен, базарда отурган жана башка байкуштар төлөйт, эң негизги байлар салыкты төлөбөйт".

Салык кызматы азыркы учурга карай Кыргызстанда жеке ишкердиктин 300 миң 753 активдүү субъекти бар деп маалымдайт. Анын баары эле патенттик негизде иштебеши мүмкүн, бирдиктүү салык режимине өтүп жаткандары да көп.

Улуттук статистика комитетинин эсебине ылайык, жеке ишкерлердин 65,7% соодада жана айыл-чарба багытында эмгектенишет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *