Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Катар: Газада барымтагыларды бошотууда "логистикалык маселелер" гана калды

0
Катар: Газада барымтагыларды  бошотууда

Катардын премьер-министри жана башкы дипломаты Мохаммед бен Абдулрахман Аль Тани ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) согушкерлери 7-октябрда барымтага алган ондогон кишини бошотуу жараянында негизинен "логистикалык маселелер" гана калганын билдирди.

"Макулдашуунун алдында практикалык жана логистикалык мүнөздөгү маселелер турат», - деди Катардын премьери Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррел менен Дохада туруп уюштурган басма сөз жыйынында.

“Сүйлөшүү бирде алдыга, кайра бир нече аптага артка кеткен учурлар бар. Эми азыр биз адамдарды үйүнө аман-эсен кайтаруу үчүн макулдашууга жетүүгө чукулдап калдык деп ойлойм", - деди Мохаммед бен Абдулрахман Аль Тани.

Ишембиде Washington Post басылмасы Катардын ортомчулугу менен Израил, Кошмо Штаттар жана ХАМАС радикал тобу алдын ала макулдашууга жетишкенин жазган. Макулдашуунун шартына ылайык, Газа тилкесинде беш күндүк ок атууну токтотуу режими жарыяланып, барымтадагы 200дөн ашуун туткундун кеминде 50сү бошотулат. Алты бетке жазылган макулдашууга ылайык, барымтадагылар топ-тобу менен 24 саатта бирден бошотулат.

АКШнын Коопсуздук кеңеши макулдашууга жетишиле электигин билдирген. Израил бийлиги дагы андай документти четке какты.

Мурдараак Израил макулдашуунун баштапкы вариантынан 50дөн көп туткун бошотулсун деген таризде баш тартканы кабарланган.

15-ноябрда Reuters агенттиги Катардын ортомчулары Израил менен ХАМАСтын ортосунда макулдашууга жетишкенин, ага ылайык 3 күндүк ок атпоо жарыялап, 50 кишини бошоторун сүйлөшүүнүн сырын билген аткаминерге шилтеме берип кабарлаган.

Бирок Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху эч кандай макулдашуу болбогонун айтты.

Израил армиясы Газа тилкесинде ХАМАСтын согушкерлерине каршы соккусун улантууда. Толук курчоодо калган палестин анклавынын түндүгүндө катуу согуш жүрүп жатат.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага түшүрүп, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдегени жараат алган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. Бир жарым миллиондон ашуун палестин аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *