Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Тажикстан Кытайдын телекоммуникация түйүнүнө кошулуу планын жарыялады

0
Тажикстан Кытайдын телекоммуникация түйүнүнө кошулуу планын жарыялады

Дүйшөмбү Кытайдын телекоммуникация түйүндөрүнө кошулуу чечимин тоолуу өлкөдө интернет менен камсыздоону жакшыртуу максатында кабыл алганы кабарланды. Акыркы жылдары жалпы эле Борбор Азияда Бээжиндин таасири күчөп баратат.

Коңшу өлкөдө дүйнөлүк маалымат желеси эң солгун тараган. Трафик мамлекеттик монополист аркылуу борбордон өтө. Мамлекеттик "Ховар" агенттиги кабарлагандай, долбоор баш калаа Дүйшөмбүнү Кытай менен чек арада турган шаарды байланыштырган автомагистрал долбоору менен катар ишке ашат.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, 2017-жылы Тажикстандын калкынын 22% гана интернет колдонгон. Мунун себеби деп тоолуу жакыр өлкөдө байланыш тарифинин өтө кымбат экендиги көрсөтүлгөн.

Ошондой эле коңшу өлкөдө жарандардын интернет автивдүүлүгү катуу көзөмөлдө. "Чек арасыз кабарчылар" уюму негизги жаңылыктар сайттары жана социалдык платформалар дээрлик такай бөгөттөлөрүн билдирген.

Кытайдагы онлайн-цензураны ишке ашырган кубаттуу мүмкүнчүлүккө ээ. Бээжин Батыштын маалымат агенттиктерин жана социалдык платормаларын бөгөттөйт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *