Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Аш-Шифа: Араңжан ымыркайлар менен абалы оор бейтаптардын тагдыры

0
Аш-Шифа: Араңжан ымыркайлар менен абалы оор бейтаптардын тагдыры

19-ноябрда Аш-Шифа ооруканасындагы ара төрөлгөн кеминде 30 ымыркайды Газанын түштүк тарабындагы ооруканага эвакуациялады.

Мурдараак Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлер (ДССУ) тобу Газадагы медициналык комплексте 291 бейтап калганын билдирди.

Эл аралык уюмдун жетекчиси Тедрос Адхан Гебрейсус "араң жан ымыркайлар" менен кошо алты медициналык кызматкер жана алардын 10 үй бүлө мүчөсү чыгарылганын ырастады. Ал эвакуацияны палестиндердин Кызыл Чырым уюмунун "Тез жардам" машинелери ишке ашырганын айтты.

Ымыркайлар Газанын түштүгүнөн Рафахтагы Бириккен Араб Эмираттары жабдыган госпиталга которулду. АВС News жекшембиде ымыркайлар Египеттеги үчүнчү ооруканага жиберилерин кабарлады.

Палестин автономиясынын саламаттык сактоо мекемеси Аш-Шифада абалы оор ондогон бейтап калганын маалымдады.

Өткөн шаршембиде Аш-Шифаны толук көзөмөлүнө алган Израил армиясы палестин анклавындагы эң чоң медициналык комплекстин алдында ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдиктен террордук деп таанылган) башкаруу борбору жайгашканын, согушкерлер карапайым калкты тирүү калкан кылып колдонуп жатканын билдирген.

8-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын тобу ооруканада баш калкалаган 2500 качкын, өзү басып тура алган бейтаптар жана дарыгерлер чыгып кеткен соң медициналык комплексти көрүп чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Коопсуздуктан улам топтунмүчөлөрү оорукананын ичинде бир саат гана жүрүп, андагы адам чыдагыс абалды «өлүм аймагы» деп сыпаттады. Уюмдун билдирүүсүндө ооруканада атылган октордун издери даана көрүнүп, комплекстин кире беришине 80 киши жапырт көмүлгөнү белгиленет.

Палестин анклавындагы эң чоң, заманбап жабдылган медициналык комплекс соңку алты жумадагы таза суу, күйүүчү май, дары-дармек, тамак-аш жана башка өтө зарыл нерселердин тартыштыгынан улам дээрлик өз милдетин аткара албай калганын ДССУ билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, эки киши реанимацияда, 22 бейтап диализде жатат. Соңку күндөрү жетиштүү жардам ала албай бир нече киши жаткан жеринде үзүлгөн.

Кооптуу кырдаалдан улам медициналык кызматкерлер калдыктарды коридорлорго топтогон, оорукананын ичин таштандыга толгон. Бейтаптар менен дарыгерлер жанын оозуна тиштеп коркуп отурганын, эптеп эвакуация болууну күтүп жатканын айтышкан.

Палестин автономиясынын саламаттык сактоо министри Май ал-Кайла ишембиде эл аралык уюмдарга кайрылды:

«Мен эл аралык уюмдарды жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун, Улуттар Уюмун, Кызыл Чырым жана башка уюмдарды басып алган армияга басым көрсөтүп, ара төрөлгөн балдарга тезинен жардам көрсөтүү үчүн Батыш Жээктеги же Египеттин ооруканаларына чыгарууга көмөктөшүүгө чакырам».

Палестин расмийлери ЦАХАЛды "ооруканада баш калкалап тургандарды жана бейтаптарды күчкө салып эвакуациялап, аларды жөө-жалаңдап түштүк тарапка жолго чыгууга мажбурлап жатат" деп айыптаган.

Бир нече күн мурун Аш-Шифаны толук көзөмөлүнө алган Израил армиясы мындай дооматты четке кагып, медициналык комплекстин алдында ХАМАСтын башкаруу борбору жайгашканын, ал эми эвакуациялоо үчүн эч ким мажбурланбаганын билдирген.

ЦАХАЛдын өкүлү Даниел Хагари жөөт аскерлери ооруканада атайын операциясын улантып жатканын ишембиде айтты. Ал өз армиясынын алдында турган төрт милдетти белгиледи:

“Биринчи – барымтадагылар тууралуу маалымат алуу эң башкы артыкчылык. Экинчи – курал-жарак жана башкаруу, көзөмөлдөө пункттарын табуу. Үчүнчү – оорукананын аймагында жашынган террорчуларды табуу. Төртүнчү – оорукананын жер алдындагы жайларын ачуу”, – деген ЦАХАЛдын өкүлү Аш-Шифанын алдында шахтаны табышканын кошумчалады.

Жекшембиде Иерусалимде 7-октябрдагы кандуу чабуулда ХАМАСтын согушкерлери барымтага тушүрүп, Газа тилкесине алып кеткен 200дөй кишинин жакындары митинг өткөрүп, Израилдин бийлигинен аларды бошотуп алууну талап кылды. Ага чейин алар Тель-Авивден Иерусалимге чейин беш күндүк жүрүшкө чыгышкан. Алардын көбү жөөт бийлигин барымтадагыларды чыгарууга жетиштүү арает кылбай жатат деп айыптады. Митингде ХАМАС менен макулдашууга барып, туткундарды бошоткула деген талаптарга чейин айтылды.

Мурдараак Израилдин бийлиги Катардын ортомчулугу менен сунушталган Газа тилкесинде беш күндүк ок атууну токтотуу режимин киргизип, 50 туткунду бошотуу вариантын четке каккан.

АКШ менен Евробиримдик "террордук уюм" деп тааныган ХАМАСтын аскердик өкүлдөрү ишембиде ЦАХАЛдын соккуларынан улам бир катар радикал топтор менен байланыш үзүлгөнүн, андыктан алардын барымтасында турган туткундардын тагдыры белгисиз экенин билдирди. Жоочулардын канча тобу жана канча туткун тууралуу сөз болуп жатканы айтылган жок.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага алып, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдегени жараат алган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. Бир жарым миллиондон ашуун палестин аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *