Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Футбол: Бишкекте Кыргызстандын курама командасы Оман менен беттешет

0
Футбол: Бишкекте Кыргызстандын курама командасы Оман менен беттешет

21-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Омандын командасы менен беттешет.

Бул беттеште кыргызстандык оюнчулар оюн талаасына майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгышат. Иш-чара БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен бирге 20-ноябрда белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата уюштурулууда.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 20-ноябрдагы маалымат жыйында Малайзия менен болгон беттештен кийин оюндагы каталар талданганын белгиледи.

“Биз эртеңки оюнга даярбыз жана анда өзүбүздүн мыкты сапаттарыбызды көрсөтүшүбүз керек”, - деди башкы машыктыруучу.

16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңилген.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азия континентинен сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама команда 9 тайпага бөлүнүп ойнойт. Оюндардын жыйынтыгында тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *