Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: ЕБ экономикалык кесепет жөнүндө эскертти

0

Евробиримдик Кыргызстанга "Чет элдик өкүл" жөнүндө мыйзам өлкөнүн экономикасына кесепетин тийгизерин дагы бир жолу эскертти.  ЕБдин Брюсселдеги баш кеңсесинде уюм менен Кыргызстандын кызматташтыгы өткөн аптада талкууланган. Ага биримдиктин өкүлү Люк Девинь жана Кыргызстан тараптан тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев баштаган делегация катышты.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар аталган мыйзамды эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп кескин сындап келет. 

"Донорлор менен кызматташтыкка терс таасир этет"

Евробиримдиктин сайтындагы маалыматка ылайык, уюмдун өкүлдөрү Кыргызстанда акыркы убактарда жагымсыз тенденциялар - анын ичинен сөз эркиндигине кысымдын күч алышы, бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектөө сыяктуу демилгелерге тынчсыздануусун билдиришти.

Мунун ичинен өзгөчө көңүл "чет өлкөлүк өкүл" жөнүндө мыйзам долбоорунун Кыргызстанга тийгизүүчү терс таасирине бурулду. Маалыматка ылайык, аталган мыйзам кабыл алынса, Евробиримдик жана башка эл аралык донор уюмдардын Кыргызстандагы ишмердигине терс таасирин тийгизери белгиленди.

"Тараптар коррупциянын алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштерди да талкуулап, бул жаатта бейөкмөт уюмдардын салымы чоң экенин белгилешти", - деп жазылган маалыматта.

Евробиримдик баштаган бир катар эл аралык уюмдар "чет өлкөлүк өкүл" жөнүндө мыйзам долбоорунун кесепети тууралуу буга чейин да бир нече жолу эскертишкен. Кыргыз бийлиги аларга расмий жооп бере элек.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Ошол эле күнү Кыргызстандын медиа жана жарандык коом өкүлдөрү АКШ, Швейцария, Улуу Британиянын жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кайрылып, мыйзамды колдогон депутаттарды жана алардын жакындарын виза жагынан чектөөгө чакырышты. Демилгечилер буга мыйзам долбоору 1-окуудан парламентте бир катар регламент бузуу менен кабыл алынганы себеп болгонун айтып чыгышкан.   

Мыйзам долбоору каралып жаткан күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев долбоорго автор болбогону менен, аны колдой турганын билдирген:

“Бул мыйзамдын тегерегинде бир топ делегацияны кабыл алдык. Мен баарына түшүндүрүп айтып аттым. Мындан чочулай турган эч нерсе жок. Силер өзүңүздөр бардыгы ачык, так болсун деген талапты коёсуздар. Сиздердин өлкөңүздөрдө, ошол эле АКШ, Европада дагы ачыктык, тартип биринчи орунда. Биз ошол эле нерсени талап кылып атабыз. Эч кандай тыюу, кысуу, басынтуу жок. Болгону бардык ишмердиги ачык, так болсун. Ошондуктан мындан коркуунун, чочулоонун кереги жок”.

"Жарандык коомду алсыратат"

Жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар бул мыйзам кабыл алынса, эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп белгилеп келишет.

Медиа эксперт Жаннат Токтосунова Кыргызстан бул мыйзамды кабыл алуу менен аймактагы башкы артыкчылыгынан - эркиндигинен ажырайт деп эсептейт:

"Бул мыйзамдын артында демократияны жоготуу менен авторитардык режим орнотуу максаты көрүнүп тургансыйт. Бирок бизде эл өзүн-өзү багып келе жатат. Биздин элдин көксөгөнү - эркиндик гана. Калганын өзү жасап, өз киндигин өзү кесип келе жатат. Элибиздин аң-сезиминдеги эркиндик мамлекетти байытарын, экономиканы көтөрөрүн эске алышыбыз керек эле. Тилекке каршы, элге эркиндик берүүнүн ордуна, бийлик кысым-басымды, репрессияны күчөтүүгө өттү. "Чет элдик өкүл" сыяктуу мыйзамдарды демилгелеп, Орусиянын мыйзамын көчүрүп алып отурган депутат, аткаминерлер эл душманы менен барабар".

"Чет элдик өкүл" жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматова Юстиция министрлигине шилтеме жасап билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн. Активисттер бул уюмдар аркылуу өлкөдө жарандык коом активдешип, карапайым эл өз күчү менен жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө бет алганын белгилеп келишет.

Жарандык активист Акылай Карим "Чет элдик өкүл" жөнүндөгү мыйзам Кыргызстандын эркин жарандык коомунун өнүгүүсүнө тоскоол болот деген кооптонуусун "Азаттык" менен бөлүштү:

"Бул мыйзам, биринчиден, Кыргызстандын күчтүү, эрктүү, эгемен жарандык коомунун түзүлүшүнө, түптөлүшүнө, өнүгүшүнө одоно балта чапкан мыйзам болот. Биз донорлордун каржылоосунан, гранттардан кемип калбайбыз. Бирок жакшы жашоону түзүүгө, өлкөнү өнүктүрүүгө элдин катышы бир топ басаңдайт. Элдин катышуусу көмүскөгө өтөт. Бул эң туура эмес жагдай. Элге терс таасири тиет. Анткени ар кайсы чет өлкөлүк донор уюмдардан келип жаткан акча токтобой түрдүү уюмдар аркылуу келе берет. Мисалы, Кытай президенттин жубайынын фондуна акча бергени, Түркия муфтиятка, Сауд Арабиясы мечит-медреселерди курууга акча бөлүп, берип келе жатканы коомчулукка маалым. Булар ушул боюнча эле каржылоосун уланта берет. Бирок бул процесстен түрдүү көйгөйлөргө аралашып жашап, аны чечүүнүн жолдорун да жакшы билген эл, жарандык коом четтеп калат. Мыйзам долбоорунун эң чоң кесепети ушул".

"Чет элдик өкүл" мыйзамы демилгеленген учурдан тартып эле бир катар бейөкмөт уюмдар, ишкерлер, жаштар анын кесепетине тынчсызданып келе жатышат. Алар парламентке, депутаттарга кайрылып, бул мыйзам кабыл алынса жарандардын эркиндиги менен укуктарына эле эмес, социалдык тармакка жана экономикага да залакасы тиерин белгилешкен.

"Жаш саясатчы мектеби" долбоорунун координатору Данияр Сүйүндүк уулу бул мыйзам жаштарга таандык бейөкмөт уюмдарынын ишмердигине гана эмес, жалпы эле жаш адамдарга терс таасирин тийгизет деген пикирин айтты:

"Себеби учурда жаштар менен бейөкмөт уюмдар гана кызматташат. Мындай уюмдар аркылуу жаштар мамлекеттик органдардын жана жалпы эле өлкөнүн ишине активдүү катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул мыйзам улан-кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн да чектеп коюшу ыктымал, анткени мыйзамдын кесепетинен жаштар уюмдары өз ишин уюштура албай калуу коркунучу бар".

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору Надира Нарматова анын атын "чет элдик өкүл" деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, 20сы калган.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

“Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бериши мүмкүн.

Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, атуулдарды “жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы келген аракеттерге” үгүттөгөн уюмдарды түзгөндөр жана жетектегендер же айып пулга жыгылат, же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай уюмдардын ишине жигердүү катышкандар же алардын ишин үгүттөгөндөр 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *