Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Михаил Саакашвили Грузиянын президентинен ырайым берүүнү өтүндү

0
Михаил Саакашвили Грузиянын президентинен ырайым берүүнү өтүндү

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили өлкөнүн азыркы башчысы Саломе Зурабишвилиге ага ырайым берүүнү өтүнүп кайрылды.

“Саломе айым өзүнүн ырайым берүү укугунан колдонуп, бир буйругу менен балдарыма атасын кайтарып, Грузиядагы саясий тең салмактуулукту калыбына келтире алат”, - деди Саакашвили Тбилиси шаардык сотундагы жараянга видеобайланыш аркылуу катышып жатып.

Ал ошондой эле өзү негиздеген Бирдиктүү улуттук кыймыл партиясынын саясий кеңешин мындан ары өзү жетектей турганын билдирип, азырынча аны өкмөт башчылыкка көрсөтүү эрте экенин кошумчалады.

Буга чейин Зурабишвили Le Monde басылмасына Саакашвили өзүн жакшы сезип калганын жана шайлоо кампаниясына катышууну пландап жатканын билдирген.

Буга чейин Зурабишвили кандай гана кырдаал болбосун Саакашвилиге ырайым бербестигин белгилеп келген.

Тбилиси шаардык соту 20-октябрда Грузиянын мурдагы президентинин ишин кароону жанданткан.

Ал 2007-жылы өлкөнүн башында турганда өкмөткө каршы митингди күч менен таркаткан деп айыпталууда. Саакашвили өзү жана анын тарапташтары бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин белгилеп келишет.

2004-2013-жылдары Грузиянын башында турган Саакашвили "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген кине боюнча учурда алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Ал саламаттыгына байланыштуу Тбилисидеги менчик клиникада катуу кайтаруу алдында дарыланууда.

Ошондой эле ага 2021-жылы Грузияга кайтканда "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып тагылган. 2021-жылы мекенине кайтары менен камакка алынган.

Саакашвилинин жакындары жана адвокаттары бир нече айдан бери анын саламаттыгы начарлап жатканын эскертип келишет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *