Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Бишкекте бир күндө бир мекеменин төрт жооптуу кызматкери иштен алынды

0
Бишкекте бир күндө бир мекеменин төрт жооптуу кызматкери иштен алынды

Бишкекте бир күндө бир муниципалдык ишкананын төрт кызматкери жумуштан алынып, жазаланды. Бул тууралуу бүгүн 20-ноябрда “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын инженер-энергетиги, Пландоо-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтери жана диспетчери мындай жаза чарасына эмгек тартибин бузганы үчүн тартылышты.

“Буга чейин социалдык түйүндөрдө эмгек тартибин бузуп, жумуш ордунда спирт ичимдиктерин ичип отурган топтун видеосу тараган”, - деп белгиледи мекеме.

Бул видео бир күн мурда тарай баштаган. Андан спирт ичимдиктери коюлган столдун тегерегинде төрт киши отурганын, алардын бири менен сырттан кирип барган аял киши чырдашып жатканын көрүүгө болот. Видео социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкуу жаратууда. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *