Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Ымыркайлар таштандыдан табылган соңку окуялар боюнча кеңешме өттү

0
Ымыркайлар таштандыдан табылган соңку окуялар боюнча кеңешме өттү

Социалдык кызматтар жаңы төрөлгөн балдардын абалы, аларды багуу, кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турушат. Бул тууралуу бүгүн 20-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн кеңешмеде айтылды.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлар таштандыда калтырылган соңку окуяларга байланыштуу уюштурулган кеңешмеге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана  балдардын укугун коргоо менен алектенген мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Ымыркайлар боюнча катталган акыркы окуялар талкууланып, жашы жете электерди зомбулуктан сактоо, балдардын укутарын жана кызыкчылыктарын коргоо, турмуштук оор кырдаалга кептелген үй-бүлөлөргө мамлекеттен ар тараптуу жардам көрсөтүү, кароосуз калган балдарды башка үй-бүлөлөргө жайгаштыруу тууралуу айтылды.

Баласын бага албай жаткан аялдар каалаган убакта атайын социалдык мекемелерге кайрылса болору, аларга социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам берилери белгиленди.

Кыргызстанда акыркы үч күндө жаңы эле төрөлгөн ымыркайды таштандыга таштап кетишкен үч окуя катталды.

Бүгүн 20-ноябрда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, 18-ноябрь күнү таңга жуук таштанды челектен табылган ымыркай кыздын абалы туруктуу.

19-ноябрда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде көчөдөн жаңы туулган ымыркай табылган. Милиция кызматкерлери баланы төрөт үйүнө жеткиришкен. Ал жерден жандандыруучу жардам берилген. Бул иш боюнча шектелип 20 жаштагы келин кармалды.

8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. 11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Кийинчерээк Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон. Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *