Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

"Бүтүн Кыргызстандын" эки мүчөсүнүн апелляциялык арызы Чүй облустук сотунда каралат

0

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда 4-декабрда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Сокулук райондук соту "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановду үч жылдан эркиндигинен ажыратуу өкүмү 14-сентябрда чыккан. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын штабынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, аларды сот Кылмыш кодексинин 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен айыптуу деп таап, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсүн өкүм кылган.

Айыпталуучулардын адвокаттары сот өкүмүнө нааразылыгын билдирип, облустук сотко кайрылышкан.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) июль айынын башында кармап, камакка алган. Атайын кызмат аларды "өлкөдө калайман нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзүүгө" айыптаган.

Июль айынан берки убакта "Массалык баш аламандыкка чакырган", "Бийликти басып алууга чакырык таштаган" деген сыяктуу беренелер менен шек саналып, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын он чакты мүчөсү кармалганы кабарланган. Айрымдарынын иши сотто каралып, чечим чыгып атса, кээ бирлеринин иши тергелип жатканы айтылууда.

2-сентябрда аталган партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду милиция кармап, камакка алган.

Адахан Мадумаровго кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.(BTo/ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *