Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

"Эки жыл даярдандык, эми криминал болбойт". Өкмөт парламентте өзгөрүүлөрдү убада кылды

0

Бийлик криминалга жана саясий коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөшү тууралуу биринчи жолу парламентте кеңири маалымат берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев бул тууралуу 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бюджеттин аткарылышы талкууланып жаткан учурда жасаган баяндамасында жана депутаттардын суроолоруна берген жоопторунда айтты.

Саясий коррупция жоюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган мүчөлөрү 23-ноябрда Жогорку Кеңеште 2022-жылдын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы боюнча отчет берип жатат.

Бүгүнкү отурумда ошондой эле 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси жана келерки 2024-жылдын мамлекеттик бюджетинин долбоору да каралары айтылган.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров парламентте сүйлөп жатып, Кыргызстанда саясий коррупция жана уюшкан кылмыштуулук жоюлуп, бул экономикага оң таасир этип жатканын белгиледи. Жапаров саясий коррупция болгон жерде уюшкан кылмыштуулук да сөзсүз аралашарын айтып, бардык жерде тазалануу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

“Саясий коррупцияга каршы күрөштүн акыркы эпизоду уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш болду. Анткени бул дагы саясий коррупциянын элементи катары саналган", - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Жапаров Министрлер кабинетинде, парламент ортосунда эч кандай түшүнбөстүк жок экенин билдирди.

"Садыр Нургожоевич (президент Садыр Жапаров - ред) мамлекетти ирээтке келтирүү үчүн экономиканы мага, күч блогун Камчыбек Ташиевге берген. Уюшкан кылмыш топторуна каршы аёосуз күрөш - бул мамлекетке салык төлөтпөй, калка болуп жүргөндөргө каршы күрөш. Булар менен аралашкан бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, ишкерлер тазаланып жатат. Азыр Министрлер кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүк жок. Биздин темпке чыдабагандар же мурдагыдай эле жүрө берсе болот дегендер өздөрү эле түшүп калып жатат".

Жапаров саясий коррупция дегенде өлкөдөгү чоң тармактарды президенттер жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, ишканалар криминалга таянып салык төлөбөй калганы деп түшүндүрдү. Ал учурда Кыргызстанда мындай көрүнүш жок экенин белгиледи.

Ташиев: Кыргызстанда Матраимов, Көлбаев, "Женго" дегендер болбойт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттар алдында дагы бир жолу криминалга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын кайталады.

Ташиев Кыргызстанда "Матраимов, Көлбаев, "Женго" дегендер" мындан ары болбойт деп убада берди.

"Женгону Бишкекке алдырып жатам. Ал буга чейин экран алдында убада бергени менен дагы деле кылмыштуу аракетин улантып жатканы белгилүү болду. Ал тергөө абагында отуруп алып, дагы деле таасир этүүгө аракет кылууда. Кыргызстанда Көлбаев, Матраимов, "Женго" дегендер болбойт. Криминалдар экран алдында убада бергени менен ал кылмыштуу аракеттен кайттыбы, катуу көзөмөл кылып жатабыз", - деди Ташиев.

“Женго” деген каймана аты бар Кадыр Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында УКМК кармап, акыркы кезде Оштогу тергөө абагында кармалып турган. Досонов бийлик өткөн айда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш баштагандан кийин видеого сүйлөгөн сөзүндө криминалдык жашоо образынан баш тарта турганын убада кылган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. 9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен маркум Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. Райымбек Матраимов азыр кайда экени белгисиз.

УКМК жетекчиси "Көлбаев-Матраимов мафиясына" байланышы бар 70тен ашуун адам мамлекеттик кызматтан кеткенин жана мындан ары да тазаланарын билдирген.

Ташиев 23-ноябрда парламентте криминалга каршы күрөш уланарын, бул үчүн даярдык акыркы эки-үч жылдан бери жүрүп келгенин кошумчалады:

“Биздин өлкөдө кимдир бирөө башканын үстүнө отуруп алат деген болбойт. Ишкерлер тынч жашап, салыктарын төлөп, мыйзам чегинде иштей турган болушат. Бул жердеги ири ишканалар, ири ресторандар үлүш төлөп турушкан. Биз муну билгенбиз. Туура, эмне үчүн ушуга чейин иштеген жоксуңар деген суроо болот. Билгенбиз, бирок убакыт эми келди. Мен буга эки жыл даярдандым. Ачык айтайын”.

Ошондой эле Ташиев криминал менен күрөштөн түшкөн каражат кантип бөлүштүрүлүп жатканына токтолду. Анын маалыматында, криминал менен күрөштүн жыйынтыгында жалпысынан 1 миллиард 200 миллион долларлык каражат өндүрүлүп, бюджетке төгүлгөн.

Камчы Көлбаевдин жок кылынышы, уюшкан кылмыштуу топтордун башка мүчөлөрүн табуу жана криминалдык өкүлдөргө кол кабыш кылган мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо иштеринин жүрүшү Кыргызстандын тарыхындагы криминалга каршы буга чейин болбогон чоң күрөштөрдүн бири катары сыпатталууда. Бул өз кезегинде саясий айдыңда кызуу талкуулаган темалардын бирине айланды.

Саясат талдоочу, юрист Нурсултан Акылбек “Азаттыктын” талкуусунда бийликтин аракеттери коомчулукка ачык жана тазалануу үчүн кескин саясий чечимдер болушу керек деди.

“Биз кино көргөндөй эле видеолорду көрүп жатабыз. Кармалгандарын, мүлктөрүн гана көрүүдөбүз. Саясий конфигурациянын өзгөрүшү дегенде – криминалга байланыштуу адамдар саясий аренадан тазаланып, министр же депутат болобу, саясаттан кетиши керек. Балким Жогорку Кеңешти криминалсыз түптөш керек деп кайра шайлоо дайындалышы керек. Ошол жерде криминалдык ресурсу, элементи жок, кайрадан жаңы адамдарды алып келдик деген белги болушу зарыл”, - деди Нурсултан.

Ал эми Борбор Азиядагы коррупция маселесин изилдөө институтунун директору Эркайым Мамбеталиева бийликтин саясий коррупцияны жоюу убадасы тууралуу пикири менен бөлүштү: 

“Администрациялык коррупцияны жойдук деп айтса, анын көрсөткүчтөрү оңой. Санариптештирүү жана башка ушул сыяктуу ыкмалар менен көрсөтсө болот жыйынтыгын. Саясий коррупциянын тамыры терең. Жогорку кызмат адамдарынын лоббиси жокпу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жокпу дегенди аныкташ үчүн изилдөө жүргүзүлөт. Өкмөт башчынын айтып жатканын түшүнгөн жокмун. Саясий коррупцияны жойдук деп айтуу үчүн бийликтин бардык чечимидери ачык-айкын болушу керек”, - деди.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *