Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Непалда демонстранттар монархияны калыбына келтирүүнү талап кылышты

0
Непалда демонстранттар монархияны калыбына келтирүүнү талап кылышты

Непалда монархияны калыбына келтирүүнү талап кылып он миңдеген кишилер баш калаа Катмандунун чет жакасына чогулду.

Алар мурдагы падыша Гьянендранын аты жазылган кагаздарды көтөрүп, монархияны жактаган ураандарды чакырып, калаанын борбордук бөлүгүнө өтүүгө аракет кылышты.

Митингдин катышуучуларын таркатуу үчүн полиция таяк жана жаш чыгарчу газ колдонду.

Демонстранттар өкмөттү жана саясий партияларды жемкорлукка жана натыйжасыз башкарууга айыпташты.

2006-жылы жумалаган митингдердин жыйынтыгында падыша өз бийлигинен баш тартып, демократияны киргизүүгө аргасыз болгон.

Эки жылдан кийин жаңы шайланган ассамблеядагы депутаттардын көпчүлүк добушу менен Непал Республика деп жарыяланган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *