Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Жогорку Кеңеш "Мунапыс берүү" тууралуу мыйзам долбоорун 3-окуудан кабыл алды

0
Жогорку Кеңеш

Баш мыйзамдын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте бүгүн, 23-ноябрда 3-окуудан кабыл алынды.

Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан адамдардын айрымдарына мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык, оор эмес кылмыш кылганы үчүн айыпталган төмөнкү адамдар жаза өтөөдөн бошотулат:

- жашы 55тен жогорку аялдар жана жашы 60тан жогорку эркектер;

- I - II - топтогу майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, эки же андан ашык жашы жете элек же майыптыгы бар балалуулар;

- биринчи ирет соттолгондор, жалгыз бой энелер, көп балалуу аялдар;

- мыйзам күчүнө кирген күнгө карата бир жылга жетпеген жаза мөөнөтү калган аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр.

Мыйзамдын автору жана демилгечиси - депутат Жусупбек Коргонбай уулунун маалымдашынча, жалпысынан 1986 адам тууралуу сөз болууда.

Жаза аткаруу кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *