Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

ЕАЭБ: Электромобиль импорту үчүн жеңилдиктердин мөөнөтү узартылды

0
ЕАЭБ: Электромобиль импорту үчүн жеңилдиктердин мөөнөтү узартылды

Кыргызстанга электромобиль импорттоо боюнча тарифтик жеңилдиктер 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. 

Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашкандай, чечим Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 24-ноябрындагы жыйынында кабыл алынды.

Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жеңилдиги Евразия экономикалык биримдигине кирген төрт өлкөдө - Кыргызстанда, Арменияда, Беларуста, Казакстанда туруктуу жашагандарга берилет. Орусиялыктарда же орус жарандыгы бар чет элдиктерде мындай мүмкүнчүлүк жок. 

Кыргызстанга 2024-жылы 10 миң, 2025-жылы 10 миң электромобиль алып кирүүгө уруксат бар. Сөз 8703 80 000 2 ТН ЕАЭБ коду менен классификацияланган электромобилдер жөнүндө болууда. 

Былтыр ноябрда кыргыз өкмөтү электромобилдердин кубаттоочу станцияларынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана транспорттун бул түрүн жайылтуу үчүн сунуштарды иликтей турган жумушчу топ түзгөн.

Бишкектин архитектура мекемеси шаарда электромобилдерге ыңгайлашкан атайын 63 бекеттин схемасы түзүлүп жатканын маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы өлкөдө электромобиль, бульдозер, учкучсуз учуу аппараттарын чыгаруу боюнча ишкана ачыларын билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *