Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Шойгу ЖККУнун абадан коргонуу системасы дээрлик түзүлүп бүткөнүн айтты

0
Шойгу ЖККУнун абадан коргонуу системасы дээрлик түзүлүп бүткөнүн айтты

Жамааттык коопсуздук келишим уюумуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасы дээрлик түзүлүп бүттү. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу “Россия 1” телеканалындагы маегинде айтканын РИА Новости кабар агенттиги жазды. Ал бул үчүн Орусия уюмдагы ар бир мамлекет менен келишим түзгөнүн билдирген.

Президент Садыр Жапаров “Абадан кол салуудан коргонуунун бириккен аймактык системасын түзүү жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо” боюнча мыйзамга октябрь айында кол койгон.

Документти ага чейин Жогорку Кеңеш 11-октябрда колдогон. Парламенттин жыйынында Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов маалымат берип, бул документтин негизинде Орусия Кант шаарына жакын жердеги авиациялык базанын аймагына абадан кол салуудан коргонуу компоненттерин жайгаштырууну пландаштырып жатканын билдирген.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. “Бул уюм кагазда гана калып иш жүзүндө иштебейт” деген сын дооматтар айтылып келет. Айрыкча уюмдун ишмердигине Армения ачык нааразылыгын билдирген. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *