Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

0
Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

21-26-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Демаркация - мамлекеттик чек ара сызыгын жеринде белгилөө, атайын чек ара белгилерин коюу. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *