Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Кыргызстандан 70 миңдей доллар чыгарып кетүүгө аракеттенген орус жараны кармалды

0
Кыргызстандан 70 миңдей доллар чыгарып кетүүгө аракеттенген орус жараны кармалды

Дээрлик 70 миң АКШ долларын Кыргызстандан мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган деген шек менен орусиялык 41 жаштагы жаран чек арадан кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 27-ноябрь күнү эртең менен ал Ош облусундагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунда колго түшкөн. Ал 69 миң 800 долларды декларация толтурбай, Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуп Өзбекстанга алып өтүп кетүүнү көздөгөнү айтылууда.

Чек ара кызматы шектүү жана алынган акчалар кошумча иликтөө жүргүзүү үчүн "компетенттүү органдардын кызматкерлерине" өткөрүлүп берилгенин белгиледи.

Жыл башында Министрлер кабинети Кыргызстандан чет элдик накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салган. Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону маалымдалган.

Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынган.

Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат. Чечимдин аткарылышын Чек ара кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы көзөмөлдөйт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *