Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

УКМК Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ээлери кармалганын билдирди

0
УКМК Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ээлери кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 26-ноябрга караган түнү Бишкекте бир катар үйлөрдө тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, "10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталганын" кабарлады.

Мекеме алардын уюштуруучусу жана ээлери, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 кыз кармалганын, арасында борбордогу жогорку окуу жайларда окуган студенттер да бар экенин билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Интимдик кызмат көрсөткөн жайларды уюштурган 10 киши жана ээлери кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул берене менен кармалгандардын күнөөсү далилденсе айып пулга жыгылат же жети жылга чейин абакка кесилет.

Ушул тапта мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *