"Күндүн нуру түз тиет деген далил барбы?". Өкмөт тууну өзгөртүүнү колдоду
Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоо тапты. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.
Долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примовдун айтымында, бул кадамга желектеги күндүн нурун күнкарама деген сыяктуу түрдүү сөздөр айтылып келгени себеп болгон.
28-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөт долбоорду колдой турганын билдирди.
“Мыйзамды кабыл алып берсеңер биз аткарабыз. Мыйзамга ушул пункт киргизилсе бюджеттен көп каражат талап кылынбайт. Талап кылынса да ар бир министрлик, мамлекеттик мекеме иш аткарат”, - деди Абытов.
Желекти өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.
“Бул өтө маанилүү маселе. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз”, - деген Нурланбек Шакиев.
Бүгүнкү талкууда депутат Дастанбек Жумабеков желекти өзгөртүү Кыргызстандагы ар бир адамга тиешелүү экенин айтып, бул маселе боюнча референдум өткөрүү сунушун берди.
“Физикалык же геометриялык далилдерге таянсак, анда күндүн нуру силер көрсөткөндөй түз, тик тиет деген далил барбы?”.
Буга чейин президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде азыркы туу боюнча коомчулукта “күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекет өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келатат деген пикирлер айтылып келгенин” белгилеген.
"Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген", - деген президент.
Ушундай эле пикирин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев да Фейсбуктагы баракчасына жазган.
“Менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек. Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек, күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиши керек”.
Бирок коомчулукта тууну өзгөртүү сунушу катуу сынга алынган. Медиа эксперт Миржан Балыбаев коомчулук мындай реакция кылып атканда, бийлик элдин пикири менен эсептеши керек деген пикирде.
"Бирөөлөргө күнкарама көрүнсө эле өзгөртө беришеби? Максатка ылайыктуу деп айтканы менен андай болбой жатат. Азыр өмүрү саясатка кызыкпаган, жазбагандар да "желекти өзгөртпөгүлө" деп жатат. Мындай активдүүлүккө мен да таң калдым. Элдин пикири менен эсептешүү керек го. Эгер өз билгенин кыла берсе, элде бийликке болгон ишеним да төмөндөйт".
Жогорку Кеңештин сессиясында бул идеяны сынга алган депутат Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүүгө эмнеге каршы экенин мындайча түшүндүргөн.
"Байрак качан алмашат? Согуштук учурлар болгондо, бир республиканы башка республика кошуп атканда өзгөрөт. Тууну ким саясат? Эркиндиги, эгемендиги бар Эл саят. Сайылган тууну душман түшүрөт. Күндүн нуру деп жатабыз. Биз аны түз кабыл албашыбыз керек. Ошол кезде аны кыргыздын интеллигенциясы, улут каймактары кабыл алган. Биз андан кемчилик издебей эле койсок болмок. Ал күнкарама эмес, коломто деп жатат. Коломтонун оту өчпөсүн, эне бар жерде жылуулук бар деген маани болгон анда. Эне дегендин философиялык терең мааниси бар, наристелердин пири умай эненин эн тамгасынан алынган".
Ал эми туунун авторлорунун бири, Эл сүрөтчүсү Бек Жайчыбеков "Азаттыкка" курган маегинде күнкарама деген пикирге кошулбай турганын айткан.
"Туу кабыл алынган күндөн эле шылдыңдагандар көп болду. Депутаттар көп эле өз идеяларын айтып жатышты. Көлдү, тоону кошкула дегендер болду. Ар бир айтылган сунушту жасап көрсөтүп турганбыз. Алар көргөндөн кийин унчукпай калышкан. Мен жолдон өтүп баратканда желектен күндүн нуру эле көрүнөт".
Тууну өзгөртүү сунушу 2011-жылы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар тарабынан тууну өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок демилге колдоо тапкан эмес.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Мамлекеттик туу күнү жыл сайын 5-мартта белгиленип жүрөт.