Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

ХАМАСтын барымтасынан бошотула тургандардын тизмеси Израилге берилди

0
ХАМАСтын барымтасынан бошотула тургандардын тизмеси Израилге берилди

ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун барымтасынан бошотула тургандардын тизмеси Израил бийлигинин колуна 28-ноябрда тийди. Haaretz басылмасы кабарлагандай, өкмөт бул тууралуу алардын жакындарын кабардар кылды.

Алдын ала маалыматка караганда, шейшембиде дагы 10 израилдик туткун бошотулат. Ал эми Израил бийлиги түрмөдөн кое бериле турган палестиндердин тизмесине дагы 50 киши кошулганын билдирди. Алардын баары аялдар. Ушуну менен израил түрмөлөрүнөн бошотула турган палстиндердин саны 350гө жетти. Алардын 140ы буга чейин кое берилди.

ХАМАС радикал уюму менен Израилдин ортосундагы ок атышууну токтотуп, туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу эки күнгө узартылган. Бул тууралуу эки тараптын ортосунда арачы болгон Катар менен АКШ 27-ноябрда билдирди. Ошол эле күнү кечинде мурунку төрт күндүк макулдашуунун алкагында ХАМАС куралдуу тобунун барымтасынан бошотулган 11 киши Израил тарапка өткөрүлүп берилди. Алардын арасында үч жаштагы эгиз балдар да бар экени кабарланды.

Ал эми Тель-Авив түрмөдөн 33 палестин аялды жана өспүрүмдү Эл аралык Кызыл Чырым уюмуна өткөрүп берди.

Макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрдан бери ХАМАС радикал уюму 60тай туткунду бошотту. Алардын арасында чет өлкөлүктөр мамлекет бийликтери менен түзүлгөн өз ара макулдашуунун алкагында эркиндикке чыгып жатышат. 

АКШ, Египет жана Катардын арачылыгы менен түзүлгөн төрт күндүк макулдашуунун алкагында ХАМАС барымтадагы 50 израилдикти кое бермек, ал эми Израил түрмөдөгү 150 палестинди бошотмок. Газа тилкесинде ок атышуу токтоп, 200 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жана төрт жүк ташуучу машине күйүүчү май киргизилмек.

ХАМАС куралдуу тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алган. Израил аталган радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган. Андан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо министрлиги 15-миңдей киши набыт болгонун билдирип келет. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *