Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Бишкекти чаңдан коргоо долбоору тууралуу маалымат берилди

0
Бишкекти чаңдан коргоо долбоору тууралуу маалымат берилди

Бишкек шаарындагы ыш көйгөйүнүн бир себеби түтүндөн тышкары чаң экенин бүгүн 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, шаардын четиндеги эгин талааларынан келген чаң борбор калаадагы ыш көйгөйүн күчөтүп жатканын атайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү.

Шамыралиев “Жашыл алкак” долбоорун ишке ашырууга 7 миллион сом бөлүү каралып жатканын айтты:

“Мисалы, Сокулуктан, өйдө жактан келаткан чаң. Мурда Союз кезинде талааларды тегерете бак тигишчү. Азыр андай жок. Түштүк магистралы, Алыкулов көчөсү сыяктуу чек арадагы негизги көчөлөргө “Жашыл алкак” түзөлү деп жатабыз”.

Вице-мэрдин айтымында, 7 миллион сомго жашылдандыруудан тышкары тамчылатып сугаруу системасы түзүлөт, 20 скважина курулат, тийиштүү техника сатылып алынат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан биринчи себеп Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, экинчиси шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, үчүнчүсү автоунаа экенин билдирген.

Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирүүдө. Шаардын үстүн боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууга алынып келет. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *