Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Кыргызстанда расмий эсеп боюнча маңзатка көз каранды 7500 киши бар

0
Кыргызстанда расмий эсеп боюнча маңзатка көз каранды 7500 киши бар

Кыргызстанда 7 500 киши баңгизат колдонот деп расмий каттоодо турат. Бул тууралуу 28-ноябрда Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басары Жылдыз Бакирова парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында айтты.

Комитет отурумунда “Баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алды.

Жыйында депутаттар Кыргызстан электрондук чылым чеккен өспүрүмдөр көбөйүп баратканын билдирип, аларга тыюу салуу демилгесин көтөрүштү.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8 500 адам бар деп эсептеген.

“Сорос Кыргызстан” фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65% 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *