Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Садыр Жапаров бажыдагы “мафия” жок кылынганын айтты

0
Садыр Жапаров бажыдагы “мафия” жок кылынганын айтты

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө президенттик кызматка киришкенден бери саясий коррупцияны токтотконун айтты. Андан тышкары Бажы кызматындагы мафия жок кылынганын билдирди.

“Биз “Кумтөрдү” кайтарып алдык, бюджеттин киреше бөлүгүн дээрлик эки жарым эсеге көбөйттүк, ар бир жарандын чөнтөгүнө кол салып, бажы системасын ээлеп, салыктын көбүн сүлүк курттай соргон мафияны жок кыла алдык. Мен мамлекет башчысы болуп шайланганда, бул мафия “бардыгы мурдагыдый кала берет, ал тургай, мурдагыдан дагы көбүрөөк ынтаа менен өлкөнү тоной беребиз” деген ишеничте болгон. Биздин либералдардын көбү, шаардык жаштар жана эл аралык коомчулуктун көбү да “мафияны жеңе алышпайт” деп ойлошкон. Бизге карапайым эл гана ишенди, колдоду”, - деди президент.

Садыр Жапаров бирок сөз кимдер тууралуу болуп жатканын ачык айткан жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда жүк ташууда ири коррупция түзгөнү үчүн соттолгон бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кийин аларга тиешеси бар 225тен ашык мамлекеттик кызматкер аныкталганын, алардын ичинен 70тен көбү кызматтан алынганын билдирген.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Райымбек Матраимов айтылган дооматтарга өзү жооп бере элек. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов буга чейин “Азаттыкка” кыска комментарий берип, “клан деген жок. Менин бир туугандарым бар” деген.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *