Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

ГАЗА: ХАМАСтын барымтасындагы 12 киши бошотулду

0
ГАЗА: ХАМАСтын барымтасындагы 12 киши бошотулду

ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун барымтасынан дагы 12 киши бошотулду. Бул тууралуу Израилдин өкмөт башчысынын кеңсеси билдирди. Маалыматка караганда, бошотулгандардын баары аялдар. Арасында Таиланддын эки жараны бар. Израил ушул эле күнү түрмөдөгү отуздай палестинди бошотору кабарланган. Эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрдан баштап ХАМАС радикал уюмунун барымтасындагы 51 израилдик жана 20дан ашуун чет өлкөлүк бошотулду. Чет элдиктер мамлекет бийликтери менен жоочулардын ортосунда түзүлгөн өз алдынча макулдашуунун алкагында эркиндикке чыгууда. 

АКШ, Египет жана Катардын арачылыгы менен түзүлгөн төрт күндүк макулдашуунун алкагында ХАМАС барымтадагы 50 израилдикти кое бермек, ал эми Израил түрмөдөгү 150 палестинди бошотмок. Газа тилкесинде ок атышуу токтоп, 200 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жана төрт жүк ташуучу машине күйүүчү май киргизилмек. 27-ноябрда макулдашуу эки күнгө узартылган. 

ХАМАС куралдуу тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алган. Израил аталган радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган. Андан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо министрлиги 15 миңдей киши набыт болгонун билдирип келет. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *