Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Индияда туннелдин астында калган 41 жумушчу 17 күндө куткарылды

0
Индияда туннелдин астында калган 41 жумушчу 17 күндө куткарылды

Индиянын Уттаракханд штатында жол туннелинин урандыларынын астында калган 41 жумушчунун баары 28-ноябрда сыртка аман-эсен чыгышты. Куткаруу иштери 17 күнгө созулганын маалымат каражаттары жазышты. 

Премьер-министр Нарендра Моди куткарылгандарга кайрылып, алардын кайраттуулугу жана чыдамкайлыгы өлкө элин шыктандырганын айтты. Транспорт министри Нитин Гадкари "кубанып, жеңилдеп калганын" билдирди.

12-ноябрда Уттаракханддагы 825 чакырымдык шосседе туннель кулап, анын ичинде оңдоп-түзөө иштерин жасап жүргөн 41 жумушчуну басып калган эле. 

Куткарууга жүздөн ашык адам катышты. Уранды астында калгандар менен скважина аркылуу байланышты кармап, тамак-аш, дары-дармек жеткирип турушту.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *