Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Көлбаевге байланыштуу кармалган Өзгөндүн мэринин бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды

0
Көлбаевге байланыштуу кармалган Өзгөндүн мэринин бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды

Камчы Көлбаевге байланыштуу кармалган Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды. 29-ноябрда Ош облустук соту шаардык соттун Моңолдоровду камакта кармоо тууралуу чечимин күчүндө калтырганын “Азаттыкка” анын адвокаты Жылдыз Кадырова билдирди.

14-ноябрда Ош шаардык соту Моңолдоровдун ишин карап жаткан тергөөчүнүн өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, аны 9-декабрга чейин камакта калтырган.

Адвокат Жылдыз Кадырова мындай чечим мыйзамсыз деген пикирин билдирип, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

15-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Моңолдоров кармалганын, ага “Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу” беренеси боюнча айып тагылганын, ал “кримчөйрөнүн анабашы” атыккан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишине катышкан, топтун мүчөлөрүнүн жардамы менен аны сындаган активисттерди коркуткан деп шек саналып жатканын маалымдаган.

Дамир Моңолдоров бул убакка чейин “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими жана Балыкчы шаарынын мэри болгон. Өзгөн шаарына башчы болуп 2022-жылдын май айында дайындалган.

Атайын кызматтын койгон айыбы боюнча анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек. (DSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *