Икрамов шайлоого келбегендерди айыпка жыгуу долбоорун чакыртып алды
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарып алды. Бул тууралуу ал парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында айтып, документ толукталып кайра коомдук талкууга коюларын билдирди.
“Депутаттардын, коомчулуктун пикирин эске алып, иштеп чыгып кайра сайтка илебиз. Келечекте элдин шайлоого катышуусун көбөйтүү үчүн иштеп чыкканы калдым”, - деди Икрамов.
Мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга коюлган. Документте Кыргызстанда олуттуу себеби жок туруп шайлоого барбай койгон адамга 5 миң сом айып салуу сунушу жазылган.
Бул сунушка Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунда быйыл 28-майда өткөн шайлоо да негиз болгон. Анда 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү (13,95%) гана добуш берген. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоолордун бири болгон.
2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо 39,75% гана добуш берди. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93% келген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 миллион 700 миңге жеткен.
Кыргызстанда Конституция боюнча ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Шайлоодо добуш берүү милдеттүү эмес. (BTo)