Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

"Сойкуканадан кармалды" деген кыздардын жеке маалыматы ачыкталганы укук бузуу деп бааланды

0

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева тийиштүү мамлекеттик органдарды “сойкуканадан кармалды” деген кыздардын жана аялдардын укугу корголушун камсыздоого чакырды. Бул тууралуу 29-ноябрда “Азаттыкка” омбудсмендин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Акыйкатчы аталган аялдардын жүзүн ачык көрсөтпөөгө жана алардын жеке маалыматтарын жарыялабоого чакырат, анткени бул алардын мыйзамда белгиленген укуктарын бузат. КР мыйзамдарына ылайык, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамда белгиленген жагдайдан башка учурда алардын өздөрүнүн макулдугусуз жарыялоого жол берилбейт. Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда да жеке маалыматты жайылтууга жол бербөө керектиги белгиленген”, - деп айтылды мекеменин маалыматында.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 27-ноябрда “Сойкуканалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду” деген маалымат тараткан. Анда Чүй менен Бишкекте Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө” деген беренесинин негизинде "10 сойкукана аныкталганы, жети сутенер жана 18–25 жаштагы 67 аял кармалганы" айтылган.

Атайын кызмат кармалган кыздардын бетин ачык көрсөтүп, айрымдарын паспорту, ата-энесинин аты-жөнү жана телефон номуру менен кошо сүрөткө тартып жарыялаган.

УКМК адатта түрдүү оор кылмыш жасагандардын сүрөтүн жарыялаганда көзүн жаап коет. Бул жолу кайсы бир соттун чечими менен кылмышкер деп расмий түрдө таанылбаган, күнөөсү далилдене элек кыздарды ачык жарыялап, жеке маалыматын да жайылтканы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Атайын кызмат муну "алдын алуу иштери" деп түшүндүрдү.

“Мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасы катары УКМК кармалган сойкуканалардын ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт”, - деп айтылды мекеменин маалыматында.

Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөтүүнү кылмыш деп атоого негиз болуучу мыйзам же норма жок. Андай иш менен алектенгендер жазаланбайт, кармалган учурда “бейбаштык” же “коомдук тартипти бузуу” сыяктуу беренелер менен айыппул салынат. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *