Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 18.05.2023

УКМК Ошто үч бажы кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинде иштеген үч бажы кызматкери кармалганын билдирди. Атайын кызматтын басма сөз кызматы 18-майда билдиргендей, алар “Достук” бекетиндеги бажылык тариздөө жайынын башчысы Н.А.Н. жана нөөмөттүк башчысы Т.М.К, Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. болгон. Маалыматта алар ишкерлерден акча чогултуунун туруктуу коррупциялык схемасын түзгөнү аныкталганы жана Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү... Читать дальше...

Дин эркиндиги: Кыргызстанда кошуналарга караганда абал дурус

Azattyk.org 

Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу дин тутуу эркиндиги бар, бирок диний азчылыктардын укугу чектелген жагдайлар кездешүүдө. АКШнын Мамлекеттик департаментинин Дин эркиндигинин абалы тууралуу жылдык баяндамасында ушул өңдүү айрым учурларга көңүл бурулду. Мунун алдында Эл аралык диний эркиндик комиссиясы отчетун чыгарган. Анда Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандан башка мамлекеттер “өзгөчө тынчсыздануу жараткан” жана “өзгөчө байкоо салуу сунушталган” өлкөлөрдүн катарына кирген. Жергиликтүү... Читать дальше...

Төө-Ашуудагы тоннелден өтүүгө чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашууда тоннелдеги оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу 19-майдан баштап автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы 18-майда билдирди. Мындай чектөө тоннелдин ичиндеги электр зымдарын алмаштыруу, дубалды сырдоо жана оңдоп-түздөө үчүн киргизилди. Буга байланыштуу саат 05:00дөн 08:00гө чейин, 10:00 - 12:00, 14:00-16:00 аралыгында жол жабык болот. Чектөө болжол менен 28-майга чейин күчүндө болот. Читать дальше...

“Олимпиадага “турист” ордуна мугалим коштоп барсын”

Azattyk.org 

Кыргызстандын мектеп окуучулары эгемендик алгандан бери жыл сайын математика, биология, химия, физика жана информатика боюнча дүйнөлүк предметтик олимпиадаларга катышып келет. Бул тармакта өлкөнүн жетишкендиктери кандай? Окуучу, мугалимдер кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Эмнеге бул тармакка мамлекет маани бериши зарыл? Жообу “Нано” олимпиадага даярдоо борборунун жетекчиси Улукбек Ажибаев менен болгон маекте.

Ысык-Көлдү желимден арылткысы келген ишкер

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Теплоключенка айылында желимди кайра иштеткен завод ачылды. Аталган завод саатына 100 килограмм желим баштыкты кайра иштетет. Буга чейин Ысык-Көлдүн таштандыга толуп жатканы көйгөй катары көтөрүлүп келген. Эл аралык уюмдардын жардамы менен жергиликтүү ишкерлер бул маселени чечүүгө аракет кылууда.

Кыргызстандык эки ишканага Орусияга балык ташууга уруксат берилди

Azattyk.org 

Кыргызстандагы эки балык чарбасына Орусияга балык жеткирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 18-майда Ветеринария кызматынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шарапов билдирди. Анын айтымында, буга чейин Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл федералдык кызматынын (Россельхознадзор) өкүлдөрү Кыргызстандагы балык чарбаларын текшерип кеткен. “Мекеме көрсөтүлгөн кемчиликтердин жоюлуп-жоюлбаганы боюнча төрт балык чарбасына кайрадан онлайн текшерүү жүргүзгөн. Ошонун негизинде эки балык чарбага уруксат берилип... Читать дальше...

“Дело №...” басылмасын негиздеген Светлана Красильникова каза болду

Azattyk.org 

Бишкекте узакка созулган оорудан кийин “Дело №...” басылмасынын негиздөөчүсү жана бир нече жыл баш редактору болуп иштеген Светлана Красильникова каза болду. Бул тууралуу 24.kg сайты маркумдун жакындарына шилтеме берип жазды. 73 жашында дүйнө салган Светлана Красильникова менен коштошуу зыйнаты 19-майда өтөт. “Дело №...” гезитинин биринчи саны 1991-жылдын 7-мартында жарык көргөн. Кыргызстандагы көз карандысыз алгачкы басылмалардын бири катары гезит эл арасында көп окулган. Негиздөөчүлөрү - журналисттер... Читать дальше...

Ошто Дүйнө эпосторунун эл аралык фестивалы башталды

Azattyk.org 

17-майда Ош шаарында Дүйнө эпосторунун 7-эл аралык фестивалынын расмий ачылышы болду. Бул жолку фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев төрт күнгө белгиленген иш-чарага 30дан ашык өлкөдөн симпозиумдун катышуучулары, фольклор таануучулар жана окумуштуулар, 20га жакын мамлекеттен эпос айтуучулар келгенин билдирди. Фестивалдын ачылыш аземинде “Түрксой”... Читать дальше...



Сурабалдиева Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок экенин айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маеги тууралуу маселе көтөрдү. “Фактыларды өзүнө ыңгайлаштырып айтып, актанып жаткан мурдагы президенттин интервьюсун чыгарып эмне кылышат? Курултай деген Кыргызстандагы элдин баарына бирдей мамиле кыла турган институт. УТРК Кадыр Кошалиевди... Читать дальше...

Жаңы жобо: АКШга мыйзамсыз келгендер артка кайтарылат

Azattyk.org 

12-майдан тарта АКШда жаңы миграциялык эрежелер күчүнө кирди. Эми Кошмо Штаттардын чек арасын мыйзамсыз өткөндөр дароо депортация болот жана беш жыл башпаанек суроо укугунан ажырайт. Муну менен президент Жо Байдендин администрациясы мыйзамсыз миграцияны кыскартып, өлкөгө кирүүнүн легалдуу жолун жайылткысы келет. Соңку жылдары Америкага Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендер көбөйдү. Мындай кооптуу жолду тандагандар арасында кыргызстандыктар да арбын. 15 жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган Бактияр... Читать дальше...

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту

Azattyk.org 

18-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгы жана алдыда боло турган “Кытай – Борбор Азия” саммитинин күн тартиби, макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана биргелешкен долбоорлор талкууланганы кабарланды. Садыр Жапаров Си Цзинпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырды. Эки тараптуу... Читать дальше...

Депутат Көкүлов өкмөттүн туристтик сезонго даярдыгын сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов кыргыз өкмөтүнүн туризмди өнүктүрүү жана туристтерге шарт түзүү иштерин сынга алды. Ал парламенттин 18-майдагы жыйынында Министрлер кабинети өлкөдө туристтер барып эс ала турган жерлерге жол салбаганын, кооз жаратылышы бар аймактарды жарнамалоо иштери начар экенин айтты. “Туризм деген жөн эле сөз эмес. Туризм деген иш-аракет. Мен эс тарткандан бери Кыргызстанда туризм тууралуу айтып келебиз. Бирок ага кошкон салымыбыз көп болсо 5%. Мисалы, мамлекеттин карамагындагы... Читать дальше...

Чемпиондор лигасынын финалисттери аныкталды

Azattyk.org 

18-майга караган түнү (Бишкек убактысы боюнча) англиялык “Манчестер Сити” футбол клубу испаниялык “Реал Мадридди” жарым финалда 4:0 эсебинде утуп Чемпиондор лигасынын финалына чыкты. Эки клубдун биринчи беттеши Испанияда болуп 1:1 эсеби менен бүткөн. Жыйынтыгында жалпы эсеп 5:1 болду. 17-майга караган түнү италиялык эки клуб – “Интер” менен “Милан” ойноп “Интер” 1:0 менен уткан. Эки оюндун жыйынтыгында “Интер” 3:0 эсебинде жеңишке жетип финалга чыккан. Финал 11-июнда Түркиянын Atatürk Olympic Stadium стадионунда өтөт деп күтүлүүдө. Читать дальше...

Садыр Жапаров Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөшү экенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган биринчи мамлекеттик сапарынын алдында Кытайдын “Жэньминь жибао” гезитине берген интервьюсу чыкты. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган маекте эки өлкөнүн ортосундагы саясий, аскердик, экономикалык чөйрөлөрдө жакшы жыйынтыктар бар экени айтылат. Эл аралык аренада Кыргызстан менен Кытай маанилүү маселелерде бири-бирине колдоо көрсөтүп келе жатканы жазылган. “Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *