Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 30.05.2023

Президент кеңешчисинин төңкөрүш жөнүндөгү сөзү сынга кабылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитетиндеги “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев өлкөдө төңкөрүш болгон учурда курултайдын ролу кандай болоруна кызыкты. "Мындай болбой эле койсун. Бирок, дагы бир төңкөрүш болсо курултай эмне иш аткарат? Курултай чогулабы? Ушундай максатта түзүлгөн жатабы?". Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 2020-жылдагы Октябрь окуясында парламент депутаттары кетип калганын айтып, эми курултай чогулат деген пикирин билдирди. Читать дальше...

Депутат Нарматованын уулу экени айтылган бажы кызматкери үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу экени айтылган коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерин Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда үй камагына чыгарды. Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүнү үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы келтирген. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинде иштеген үч бажы кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын УКМК май айынын башында кабарлаган. Биринчи... Читать дальше...

Аба ырайы: Бишкекте күн ысыйт, тоолорго кар жаайт

Azattyk.org 

31-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31; Талас аймагында түнкүсүн 8…13... Читать дальше...

Депутаттар курултай делегаттарынын бир жылга шайланышына каршы чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйында депутат Нурбек Сыдыгалиев курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы чыкты. "Бир эле жолу шайлансын деп жатышат. Бир жылга шайлангандар акимге барып алып "айыл өкмөттөрдү чогултуп бер" дейт экен. Айыл өкмөттөрдөн отчет алалы дейт. Мага чалып жатат. "Курултайчыларга отчет беребизби?" деп. Алар бир эле шайланып, курултайдан кийин укугу бүтүшү керек", - деди ал. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев депутатка жооп берип... Читать дальше...

Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммити өтөт

Azattyk.org 

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” экинчи саммити өтөт. Бул тууралуу 30-майда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат. “Эки региондун ортосундагы саясий... Читать дальше...

Баткен: какыр жер муктаждар үчүн бакка айланды

Azattyk.org 

Баткен районунун чек арадагы Кара-Бак айыл аймагында 66 гектар жерге бак тигилди. Андан түшкөн пайда социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Социалдык бакчанын жанына дагы 28 гектар жерге муниципиалдык бак түптөлүп, дотацияда турган айыл аймактын кирешесин арбытабыз деген аракет башталды.

Президент Жапаров Аскар Акаев Кумтөрдү алууга жардам бергенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алууда пайдалуу болгонун билдирди. Бул тууралуу президент "Кабар" маалымат агентигине курган маегинде айтты. Жапаров Аскар Акаев Кыргызстанга келсе, камалбасына кепилдик берилгенин билдирди. "Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экен. Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан Кумтөрдү “Центеррадан” талашып жатканда көрсөтмө берип кетиңиз деп атайын чакырганбыз. Читать дальше...

Президент Жапаров Бакиев келсе, камакка алынышы керектигин билдирди 

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу талкууларга пикирин билдирди. Жапаров азыркы бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер келсе соттун чечимине ылайык камаларын айтты. "Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Читать дальше...

Мелис Аспеков абактан ырайым менен бошотулганы кабарланды

Azattyk.org 

“Опузалап талап кылуу” айыбы менен алты жылга соттолгон активист Мелис Аспеков абактан бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Манукян "Азаттыкка" ырастады. "Ал өзү эркиндикке чыкканын айтып чалды. Президенттин ырайымы менен чыккан экен", - деди ал. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы анын кандай шартта бошотулганы боюнча кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. 24.kg сайты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына таянып, 23-майда соттолгондорго мунапыс берүү боюнча президенттин жарлыгы чыгып, Аспеков бошотулганын жазды. Читать дальше...

Бишкектеги шайлоо: Ниязалиеванын штабындагы түнкү тинтүү

Azattyk.org 

30-майга караган түнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү №26 Ленин шайлоо округунан алдын ала санак боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигин жаап, мөөр басып кетти. Тинтүүгө күбө болгон Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер өзүн начар сезип жаткандыктан дарысын ичкени кеткен бойдон келген жок. Ниязалиеванын адвокаты Эркин Ирискулбеков "Азаттыкка" берген комментарийинде "Тинтүү иши эки сааттан ашуун болду. Офистен үч ноутбук... Читать дальше...

Милиция Ниязалиеванын шайлоо штабын жаап, мөөр басып кетти

Azattyk.org 

Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүлөрү №26 Ленин шайлоо округунан алдын ала эсеп боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигин жаап, мөөр басып кетти. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы жеринен кабарлады. Талапкердин адвокаты Эркин Ирискулбеков "Азаттыкка" берген комментарийинде "Тинтүү иши эки сааттан ашуун болду. Офистен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишти. Алардын арасында мыйзамсыз бир нерсе бар деп айта албайм" - деди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *