Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 01.08.2023

Тез жардам борборунун кызматкерлери маянасы азайып кеткенине даттанышты

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Тез жардам борборунун кызматкерлери нааразылык акциясын өткөрүп, маянасы азайып кеткенине даттанышты. Он чакты кызматкер министрликтин өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүнөн соң кайра тарап кетишти. 24.kg басылмасы жазгандай, митингге чыккандар эки-үч жыл алдын Алымкадыр Бейшеналиев министр болуп турган маалда айлыктары көбөйгөнүн, азыр кайра эсептөөлөрдүн натыйжасында акчасы азайып кеткенин билдиришкен. Алия Алдеева аттуу фельдшер "үч жыл мурда 25 миң сом алганын... Читать дальше...

Төө-Ашуу тоннелине киргизилген чектөө 6-августка чейин алынат

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктаганын бүгүн, 1-августта кабарлады. Маалыматка караганда, жол сызыктары чийилип бүтсө, унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр 6-августка чейин алынат. "1-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт төшөлөт. Чектөөлөр 2-август күнү саат 16:00дон кийин алынышы болжолдонууда. Азырынча мурдагы график күчүндө турат", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта. Читать дальше...

Германияда кыргыз тилинин эрежесин жазган Махабат

Azattyk.org 

Германияда бир топ жылдан бери эмгектенген саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, лингвист Махабат Садырбек жакында эле "Кыргыз тилинин грамматикасы" деген китебин чыгарды. Китеп кыргыз тилин үйрөнүүнү ниеттенген немис тилдүүлөргө арналган. Махабаттан бул китепти жазууга эмне түрткү болгонун сурадык. - Махабат айым, жакында эле сиздин немис тилиндеги "Кыргыз тилинин грамматикасы" деген көлөмдүү китебиңиз жарык көрдү. Куттуктайбыз! Бул эмгекти баштоого эмне түрткү болду эле? Читать дальше...

Өкмөт чек ара чырында жабыркагандардын жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Министрлер кабинети 1-августтан тарта 2021-2022-жылдарда чек ара чырынан жабыркагандарга бериле турган жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Өкмөттүн токтом долбоору 30-июлда коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, Баткен жана Ош облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркагандарга ай сайын берилчү төлөмдүн көлөмүн 3700 сомдон 5500 сомго көтөрүү каралган. Бул тизмеге төмөнкүлөр кирет: Курман болгондордун балдары 18 жашка чыкканга чейин; Курман болгондордун ата-энеси пенсияга чыкканга чейин (эгерде ал жалгыз бала болсо... Читать дальше...

ТИМ Курандын өрттөлүшүн айыптады

Azattyk.org 

Швед тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, алар 31-июлда байланышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелерин талкуулашты. Анын ичинде саясий байланыштарды улантуунун жана ар кандай деңгээлдеги өз ара... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *