Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 02.08.2023

Ак-Сууда судья бошоткон кылмышка шектүү кайра кармалды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда зордуктоого шек саналган Б.Р.Б аттуу адамдын айыбы өзгөртүлүп, тергөө бүткөнгө чейин убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, шектүүнүн аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин зордуктоо, өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу беренелерине которулган (154-берене 3-пункт). "Б.Р.Б.га карата колдонулган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлүп... Читать дальше...

Кубатбек Жусубалиев: Дүйнөгө боорум ооруйт

Azattyk.org 

Быйыл Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өттү. Анын “Муздак дубалдар” романы экинчи ирет басылып чыкты. Жазуучу Бишкектен Алайдын Кердегей айылындагы үйүнө кетип калганына бир топ жыл болду. Ал коомчулук алдына көп чыкпай, соңку жылдары аз жазып калган. Жазуучу менен кыскача маекти сунуштайбыз. - Адам өзү бул дүйнөгө келгенде бир миссия менен келет деп көп айтасыз. Сиз өзүңүздүн миссияңызды жазуучулук деп эсептейсизби? Ойчул, философ деп да айтышат. Читать дальше...

Түп районунда үч кыздын зордукталышы боюнча тергөө жүрүп жатат

Azattyk.org 

Түп районунда үч кызды зордуктоого шектелген жарандын иши тергелип жатат. Бул тууралуу маалыматты укук коргоочу Камил Рузиев 1-августта “Азаттыкка” билдирди. Ал жабырлануучулар бир туугандар болгонун, алардын экөөнүн майыптыгы бар экенин айтты. “Кыздардын апасы башка турмуш курганы үчүн аларды таенеси карап жүргөн. Алар бир канча жолу зордукталган. Майыптыгы барлардын экөө интернатта окуп жүрүптүр. Кийин бирөөнү ал жайдан чыгарып коюшуптур”, - деди Рузиев. Бул маалыматты Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы да ырастап... Читать дальше...

Куранды өрттөө мусулман өлкөлөрүн нааразы кылды

Azattyk.org 

Дания менен Швеция Куран китебин өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолдорун" караштырууда. Скандинвиядагы эки мамлекетте бир нече жолку Куранды өрттөө акциялары мусулман өлкөлөрүндө - он бештей мамлекетте, нааразылык жаратты. Кыргызстан дагы бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун табууга чакырды. 31-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө "Стокгольм Куранды өрттөө сыяктуу терс көрүнүштөрдү алдын алуу чараларын көрүшү керек экенин" билдирди. Читать дальше...

ЮСАИД башчысы Лачын коридорун ачууга чакырды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) башчысы Саманта Пауэр Армения менен жикчил Тоолуу Карабакты байланыштырган жалгыз өткөөл -Лачын коридорун ачыууга чакырды. Бул жолду Азербайжан тарап жети ай мурда жаап салган. Тоолуу Карабакка багыт алган 19 жүк ташуучу машинеден турган автокербен 26-июлдан бери Лачын коридорундагы өткөрмө бекетте турат. Аларды азери аскерлери жикчил аймакка өткөрүүдөн баш тартууда. Еревандын айтымында, машинелерге гуманитардык жардам жүктөлгөн. "Тоолуу... Читать дальше...

АКШнын экс-президенти Дональд Трампка жаңы айып тагылды

Azattyk.org 

АКШнын экс-президенти Дональд Трампка кылмыш иштин алкагында жаңы айып тагылды. Ал Трамптын 2020-жылкы президенттик шайлоодо жеңилгенин тааныбаганына байланыштуу экенин америкалык басылмалар жазып чыкты. Юстиция министрлигинин атайын прокурору Жек Смит иликтеп жаткан иштин айыптоо корутундусунда төрт пункт бар. Анын ичинде Трамп президент Жо Байдендин жеңишин Конгрессте тастыктоого жол бербөө үчүн кутумга аралашканы тууралуу айып бар. Кутумдун максаты “президенттик шайлоодо жыйналуу, эсептөө... Читать дальше...

Орунбековдун талаштуу билдирүүсү, аксайлыктардын талабы

Azattyk.org 

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына кысым болууда. Бул туурасында укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева жазып чыкты. Буга чейин Орунбеков кыргыз-тажик жарандарынын чыр-чатагы боюнча маалымат берип, Ак-Сайдын тургуну мас болгонун жазгандан кийин талкуу күчөгөн. Бири анын жазганы орунсуз болгонун айтса, Орунбековду жактагандар анын ишин ашыкча саясатташтыргандар көп экенин белгилешет. Читать дальше...

Польша чек арасын Беларустун тик учактары бузганын жарыялады

Azattyk.org 

Польша өлкөнүн чек арасын коңшу Беларустун тик учактары бузганын жарыялады. Мындай билдирүү менен поляк Коргоо министрлиги чыгып, инцидент тууралуу НАТОнун жетекчилигине кабар берди. Мекеменин маалыматында чек арага жакын жерде машыгуу өткөрүп жаткан беларус тик учактары Польшанын аба мейкиндигин 1-август күнү уруксатсыз кесип өтүшкөн. Окуя Беловеж районунда катталган. Польшанын коргонуу мекемесинин башчысы Мариуш Блащак буга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин жыйынын чакырган. Ал чек арада кызмат өтөгөндөрдүн санын көбөйтүп... Читать дальше...

"Чекит медиа" бийликке иштеген фейк-фабрика тууралуу экинчи иликтөөсүн жарыялады

Azattyk.org 

"Чекит медиа" платформасы фейктерге байланыштуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялап, "Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген суроолорго жооп издеди. Анда журналист Асел Сооронбаева президент Садыр Жапаров абакта жаткан мезгилде мессенжерлер аркылуу социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын башкарып, ошол эле ыкмасын мамлекет башына келгенден кийин да улантканын баяндайт. Иликтөөдө 2020-жылкы Октябрь окуяларында абактан чыккан Садыр Жапаров премьерликке сунушталгандан кийин президент Сооронбай... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *