Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 05.09.2023

"Башталгыч IT адиси жылына 180 миң доллар табат"

Azattyk.org 

Ири IT компанияларга кантип жумушка кирсе болот? Алар кандай адистерге муктаж? Эмнеге Microsoft же Google сыяктуу компаниялар Кыргызстанда кеңсесин ачпайт? Жасалма интеллект өнүккөн заманда адам эмнелерди билиши керек?

Азимбек Бекназаровдун баракчасын ачкан жаран кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалыматтарды таратууга" айыпталып, Нишанбай Иманкулов аттуу жаран кармалганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” 5-сентябрда Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров билдирип, кармалган жаран анын өкүл баласы экенин ырастады. Аны атайын кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгы кармап, учурда Жалал-Абадга алып баратканын билдирди. Читать дальше...

"Жунхайдагы" салык: жабылган кампалар, солгундаган соода

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери салык кызматы кампаларды текшерүүгө алып, миллиондогон салык төлөөгө мажбурлап жатканын билдиришти.  Кыргызстандагы эң ири "Дордой" базарына тушташ жайгашкан "Жунхай" базарынынын сатуучулары Мамлекеттик салык кызматынын адистеринин товар сактаган ондогон кампаларга мөөр басып кеткенине нааразы болууда. Соңку жылдары "Жунхайда" иштеп, үй-бүлөсүн багып келген соодагер Аиза Рысбекова соода мурдагыдай жүрбөй калганына токтолду. "Биз 10% төлөй албайбыз... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагы саясатчылар моралдык басымга даттанышты

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып Бишкектеги тергөө абагында отургандардын арасынан төрт саясатчы моралдык басымга туш болуп жатканы тууралуу билдирүү таратышты. Жазаларды аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, мыйзам бузууларга жол берилбей турганын билдирип жатат. "Биз отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранабыз" Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматовдун колу коюлган, элге... Читать дальше...

Акыйкатчы институту сот жараяндарын видео, аудиого жаздыруу боюнча маалымат таратты

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту сот органдарын соттук жараяндарды видеого тартып жана аудиого жаздырууну үзгүлтүккө учуратпоого жана техника бузулганда аны тезирээк оңдоого көңүл бурууга чакырды. Мекеме институттун кызматкерлери сот жараяндарына туруктуу мониторинг жүргүзүп келатканын, соттук отурумдарды аудио же видеого жаздырууда маселелер аныкталганын билдирди. Акыйкатчы институтунун сот органдары менен иштөө жана жараяндарга мониторинг жүргүзүү иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев техника бузулуп калгандыктан... Читать дальше...

“Конституциялык сот жөнүндө” долбоор комитетте биринчи окууда өттү

Azattyk.org 

5-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биринчи окууда жактырды. Документке бир гана депутат -  Гуля Кожокулова каршы добуш берди. Тармактык комитеттин жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам долбоорунда Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы келсе... Читать дальше...

“Конституциялык сот жөнүндө” долбоор ЖК комитетинде карала баштады

Azattyk.org 

5-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор талкууланып жатат. Тармактык комитетте юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баяндама жасады. Ал мыйзам долбоорунда Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы келсе, кабыл алынган чечим кайра караларын билдирди. Депутат... Читать дальше...

Быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди. Ал мындай чара борбордо кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга жардам берерин кошумчалады. Министрдин орун басарынын сөзүнө караганда, Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатат. Анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн. “Бул экологияга көңүл буруу үчүн жасалып жаткан иш. Бишкекте көп жылдан бери эле ыш маселесин көтөрүп келатабыз. Читать дальше...

Кыргызстанда тоютту сыртка сатууга убактылуу тыюу салынды

Azattyk.org 

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргызстандан ташып чыгууга (реэкспорттон, транзиттен, Министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдан сырткары) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы 5-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөргө чөп, саман, комбикорм жана акшакты экспорттоого болбойт. Ушундай эле чектөө арпа, күрүч жана сулууга да киргизилди. Айыл чарба министрлиги... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *