Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 06.11.2023

"Кызматтан алынганымды маалымат каражаттарынан билгем"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу - мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов болду. Ал маегинде эгемендик жылдардагы тышкы саясатындагы оош-кыйыштар, ири держава мамлекеттердин таасири, тажрыйбасы, бийликтен кулаган президенттердин чет өлкөлөрдөн башбаанек алышынын себептери ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат. - Аликбек мырза, биринчи президент Аскар Акаевдин тышкы саясаты эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары батышчыл болду, акыркы жылдары Орусияга ыктаган саясат жүргүзгөн деген пикирлер бар. Читать дальше...

Израилдин армиясы Газа шаарын толук курчоого алууну аяктады

Azattyk.org 

Израилдин армиясы Газа шаарын толук курчоого алууну аяктап, жээкти көздөй жылды. Бул тууралуу армиянын расмий өкүлү Даниэл Хагари билдирди жана бул окуяларды ХАМАС радикал тобуна каршы согуштагы "өтө маанилүү кадам" деп атады. Анын сөзүнө караганда, жекшембиде, 5-ноябрдын кечинде Газа секторун экиге - түндүк жана түштүккө бөлүү аяктады. Хагари Газанын жашоочуларын коопсуз жерге, аймактын түштүгүнө кетүүгө чакырды. Анын алдында Израил карапайым тургундардын чыгып кетиши үчүн бир канча саатка коридор берген. Читать дальше...

БУУ менен ДССУ Газадагы ок атышууну чукул токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ири агенттиктеринин башчылары жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биргелешкен кайрылуу жасап, Газа тилкесиндеги ок атышууну чукул токтотууга чакырды. Анда ХАМАС радикал тобунун кол салуусунан Израилдин 1400дөн ашык жараны мерт болгонун, дагы 200дөн көп адам туткунда экени белгилеген. Ошол эле маалда Газада 9,5 миңдей адам өлгөнү жазылган. Учурда 2,2 миллиондой палестиналык дары-дармек, тамак-ашка муктаж болуп жатканы, алардын 1,5 миллионго жакыны жер которууга аргасыз болгону айтылып... Читать дальше...

Аймактык реформа: айылдарды ирилештирүү долбоорлору даярдалды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында административдик-аймактык реформа маселелери талкууланды. Анда президенттин облустардагы өкүлдөрү айыл-кыштактарды ирилештирүү долбоорлору менен тааныштырды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, бул реформага байланыштуу тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде жумушчу комиссиялар түзүлгөн. "Айыл аймактарын ирилештирүү долбоорлорун жергиликтүү тургундар талкуулады жана айылдык кеңештердин депутаттарынын кароосунан өттү. Читать дальше...

Нетаньяху ок атууну токтотуу тууралуу чакырыктарды четке какты

Azattyk.org 

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жекшембиде ХАМАС тобу барымтага алган 240тан ашуун киши бошотулмайынча, Газаны аткылоо токтобойт деп, андай чакырыктарды четке какты. “Биз муну досторубузга да, душмандарыбызга да айтабыз,”- деген премьер жоочулар талкаланмайынча аларга каршы операция уланарын айтты. Израил гуманитардык тыныгуу жарыялоо чакырыктарын да четке кагууда. Радикал топ көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги куралдуу жаңжал башталган 7-октябрдан бери тилкеде бери дегенде 9488... Читать дальше...

Анталияда Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды

Azattyk.org 

Түркиянын Анталияда шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды. Ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана Анталия облусунун губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат баштаган адамдар, жергиликтүү тургундар катышты. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, элчи Казакбаев сөз сүйлөп, "дүйнөлүк адабиятка эбегейсиз салым кошкон Айтматовдун улуулугун белгилеп, анын атындагы китепкананын ачылышы түрк элинин жазуучуга болгон терең урмат-сыйынын белгиси экенин айтты". Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *