Жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин дагы бири каза болду
Кара-Суу районундагы жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин дагы бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн 10-ноябрда “Азаттыкка” ишенимдүү булактар билдиришти. Анын мээсине кан куюлуп, бир ыптасындагы кабыргаларынын баары, жоон саны сынган. Аскер кызматкеринин өлүмү тууралуу Коргоо министрлиги маалымат бере элек. 9-ноябрда үч аскер кызматкери жол кырсыгына кабылып, алардын бирөө каза болгонун “Азатыкка” Коргоо министрлигинен билдиришкен. Каза болгон 22 жаштагы адам автоунааны айдап бараткан. Читать дальше...