Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 15.11.2023

ЦАХАЛ Аш-Шифа ооруканасында операция баштаганын билдирди

Azattyk.org 

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Газадагы Аш-Шифа ооруканасында ХАМАС радикал тобунун мүчөлөрүн бутага алган операцияны баштаганын билдирди. Уюм АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган. Al Jazeera телеканалынын кабарчысы Аш-Шифанын короосунда израилдик танктар турганын, аскерлер оорукананын бир имаратына киришкенин ошол жерден айтып берди. Ага чейин ушундай эле маалыматты жергиликтүү тургундун айтканына таянып Би-Би-Си тараткан. Ошол киши алты танкты жана жүздөн ашуун аскерди көргөнүн, алар арабча... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

16-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 15…20; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11.  Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына4-9 метрге жетет. Читать дальше...

Мектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан эки окуучу аныкталды

Azattyk.org 

Бишкекте өзү окуган мектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан эки окуучу аныкталганын бүгүн 15-ноябрда шаардык милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кечээ эки бала Макиш Койбагаров атындагы көчөдө жайгашкан мектептин ичине бомба коюлганы жөнүндө маалыматты мугалимдердин бирине телефон аркылуу жөнөтүшкөн жана жарым саат ичинде имараттан чыгып кетүү керек экенин эскертишкен. Милиция кызматкерлери мектепке дароо жетип барышкан, эч кандай шектүү нерсе же жардыргыч зат табылган эмес. Читать дальше...

Кыргызстанда 1xBet букмекердик кеңсесинин ишине тыюу салынды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1xBet букмекердик кеңсесинин лицензиясы чакыртып алынып, ишмердигине тыюу салынды. Бул тууралуу 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров айтты. Парламент депутаты Мирлан Самыйкожо 1xBet букмекердик кеңсеси Кыргызстанда мамлекеттик иш-чараларда канча жолу демөөрчүлүк кылып, канча каражат бергенине кызыкты. Бирок жооп ала алган жок. Дагы бир депутат Эрулан Көкүлов... Читать дальше...

Муфтий Замир Ракиев никаб Кыргызстанда парз эмес, ар кимдин укугу экенин айтты

Azattyk.org 

Паранжа, никаб мусулман динин туткан кыргызстандык кыз-келиндер үчүн парз эмес. Бул тууралуу бүгүн 15-ноябрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев билдирди. Муфтийдин айтымында, аял кишиге хижаб парз, ал жоолукту жүзү жана алаканы көрүнгөнгүдөй кылып салынып жүрө алат, ал эми никаб парз эмес: “Биз башынан хижабды колдоп келе жатабыз. А бардык жүзүн жаап алганды никаб дейт. Никаб ар кимдин укугу, бирок парз  эмес, эч кимдин... Читать дальше...

Нарын: Сабалган кыз ооруканага түштү, шектүү киши камакка алынган жок

Azattyk.org 

Нарында соода борборунда чоочун адамдын ур-токмогуна кабылган кыз ооруканага түштү, аны сабаган киши милицияга жеткирилди, бирок медициналык диагнозуна байланыштуу кармалган жок. Бул тууралуу бүгүн 15-ноябрда “Азаттыкка” Нарын шаардык милициясынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Нарын районунун Орто-Нура айылынын 31 жаштагы тургуну экени аныкталды, ал милицияга көрсөтмө берип, банкоматка кезек талаша кетип, оозеки уруштан кийин кызды “уруп-сабап жибергенин” айтып берди. Бирок... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 22-ноябрга жылдырылды

Azattyk.org 

15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум болбой калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бул ишке байланыштуу шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди. Жараян дагы бир шектүү, саясатчы Азимбек Бекназаровдун жактоочусу сотко келбей калганы жана тергөө абагында жаткан 11 киши отурумга алынып келбегени үчүн жылдырылганын айтты. Кийинки соттук процесс 22-ноябрда өтөт. “Биз тергөө абагында... Читать дальше...



Ош шаардык кеңешинин төрагасы Назылбеков Оштун мэри Жетигеновдун сынына жооп берди

Azattyk.org 

15-ноябрда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун шаардык кеңештин депутаттарына айткан сынына жооп берди. Салман Назылбеков ушул күнгө чейин депутаттар мэрия менен чогуу-чаран иштешүүгө аракет кылып келатканын айтты. “Мэр Бакытбек Жетигенов “депутаттардын таарынычы” бар дептир. Мен бул убакка чейин мэр менен жолугуп, эл өкүлдөрү чет өлкөлөргө кызматтык сапарларга чыгышы керектигин айткам. Негизи бир долбоордун артынан бара жатканда Ош шаарына алынып келе жаткан техникалар болобу... Читать дальше...

Ноокаттын акиминин кызматтык автоунаасы кырсыкка кабылды

Azattyk.org 

Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиевдин кызматтык автоунаасы жол кырсыгына кабылды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна райондун башчысы ырастады. Ал окуя учурунда кызматтык машинада өзү болбогонун айтып, айдоочусу жумуштан кийин автоунааны айдап кеткенин, териштирүү иштери башталганын билдирди. Жол кырсыгы 15-ноябрга караган түнү таңкы саат төрт чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон. Социалдык тармактын колдонуучусу Ноорузбек Абакиров окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялады. Читать дальше...

Садыр Жапаров өлкөдө Жогорку Кеңештин ролу маанилүү экенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш - калктын түрдүү катмарынын ар кандай көз караштарын билдире турган аянтча экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы 15-ноябрда пардаментте Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына байланыштуу кайрылуусунда айтты. “Өлкөбүздүн булуң-бурчундагы шайлоочуларыбыздын үнүн бийлик бутактарына жеткирип көпүрө кызматын да аткарып келатат. Карапайым элдин көйгөйү парламенттик платформа аркылуу коомчулук алдында чечилет. Парламенттин курамындагы ар кыл кесиптин өкүлдөрү мугалимдер... Читать дальше...

Президент Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрь күндөрү Жапонияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Өлкө башчы сапардын алкагында император Нарухито, Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, JICA – Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин жана бир катар ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу документтерге кол коёт. Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу... Читать дальше...

ЦАХАЛ Газада ХАМАС көзөмөлдөгөн имараттарды басып алганын билдирди

Azattyk.org 

Израилдин армиясы - ЦАХАЛ шейшемби күнү аскерлери ХАМАС куралдуу тобу көзөмөлдөгөн Газадагы парламенттин, өкмөттүн жана полиция кеңсесин басып алганын жарыялады. ХАМАС тобу АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган. ЦАХАЛ инженердик факультеттин имаратын да басып алганын, ал жерде “курал-жарактар жасалып турганын” билдирди. “ХАМАС террордук уюмунун өкмөттүк мекемелери согуштук максаттарда, анын ичинде 7-октябрда Израилге кол салууга даярдык көрүү үчүн колдонулган”, - деп айтылат Израилдин армиясынын билдирүүсүндө. Читать дальше...

Баткенде көмүрдүн тоннасы 7,5 миң сомдон өйдө сатылып жатат

Azattyk.org 

Баткенде социалдык мекемелердин көмүр менен камсыздалуусу бекитилген график боюнча жүрүп жатат. Бул мекемелердин жалпы калктын керектөөсү 128 миң тоннаны түзөт. Облустук акимчилик 14-ноябрда калктын көмүр менен камсыздалышы 55 пайызга жеткенин билдирди. Аймакта 45 көмүр шахтасы иштеп, жылдык көмүр өндүрүү 765 миң тоннадан ашат. Учурда калкты көмүр менен камсыздоо үчүн 87 көмүр сатуучу түйүн иштеп жатат. Мындан тышкары калктын аялуу катмарын көмүр менен камсыздоо үчүн алты кампа уюштурулуп, тоннасы 5 миң сом деп бекитилген. Читать дальше...

Башаламандыкка чакырган деген шек менен Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстанда массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык жасаган деген шек менен Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу 15-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, 37 жаштагы Кыргызстандын жараны Фейсбукта чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасап турганы аныкталган. Бул... Читать дальше...

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 9-ноябрда маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалып, атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 15-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, шектүү ушул тапта Жаза аткаруу кызматынын №8 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан адамдын буюрутмасы менен А.Э.А. аттуу кишини сабап 200 миң сом талап кылган. УКМК бул каражатты уюшкан кылмыштуу топтун абактагы мүчөлөрүнө берүү пландалганын кабарлады. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *