Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 17.11.2023

Прокурор таза суу талап кылган акцияда кармалгандарды камоону сурады

Azattyk.org 

16-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга шек саналып кармалган блогер Эртай Искаковдун, Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовдун ишин карады. Искаковдун адвокаты Шердор Абдыкапаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, сотто айыптоочу тарап Искаковду беш жылга, Балбаев менен Бекболотовду төрт жылга эркинен ажыратууну сурады. Кийинки отурум 20-ноябрда болот. Быйыл июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп... Читать дальше...

Бүгүн Бишкекте эл аралык кинофестивал башталат

Azattyk.org 

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык кинофестивал ишин баштайт. Фестивал Улуттук филармонияда өтөт. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, кинофестивал улуттук жана эл аралык категорияларда өтөт: он тасма эл аралык, сегиз кинофильм улуттук категориядагы сынакка катышат. Иш-чаранын негизги коногу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасы боюнча тартылган тасмада баш каармандын ролун ойногон түркиялык актриса Түркан Шорай болору кабарланган. Читать дальше...

Түптө жол кырсыгынан үч адам набыт болду

Azattyk.org 

Каракол-Түп-Ананьева унаа жолунда үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. "Азаттыкка" облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн ырасташкандай, кырсык 16-ноябрда таңга маал болгон. Маалыматта "Волга" унаасынын айдоочусу алгач жылкыны, андан кийин жол жээгиндеги бакты сүзгөнү жазылган. Автоунаадагы эки жүргүнчү ошол жерде набыт болуп, айдоочу Түп райондук ооруканасында жан берген. Бакты сүзгөн автоунаа өрттөнүп кеткен. Милиция маркумдардын баары Түп районунун тургундары экенин билдирди. Читать дальше...

Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Жапонияга расмий сапар менен барды. Мамлекет башчыны бул өлкөнүн тышкы иштер министри Кийото Тсуджи жана башка расмий адамдар тосуп алды. Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарованы Токиодогу Император сарайында Жапониянын императору Нарухито жана императрица Масако тосуп алышты. Садыр Жапаров Жапонияга сапар алкагында премьер-министр Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, JICA – Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин... Читать дальше...

УКМК Соода-өнөр жай палатасындагы мыйзамсыз иштер аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э.Ю. жана П.К. экспорттолуучу товарларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп бергенин аныктады. Атайын кызмат маалымдагандай, алар көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат баадагы көмүрдү "арзан" деп сыпаттаган сертификат берип турган. Бул кызматы үчүн ал ишканалардан акчалай сыйлык алышкан. Мындан тышкары, Б.Э.Ю. жана П.К. Соода-өнөр... Читать дальше...

Газадан барымтага алынган израилдик аялдын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Израилдин аскерлери 7-октябрда ХАМАС куралдуу тобунун (АКШ менен Европада террордук деп табылган) согушкерлери кармап кеткен 65 жаштагы Йегудит Вайстын сөөгүн Газа тилкесинен табышканын билдиришти. Маалыматка ылайык, аялдын сөөгү Ас-Шифа ооруканасына жакын имараттан табылган. Анын күйөөсүн согушкерлер кол салган күнү эле өлтүрүшкөн. Маркумдун сөөгү Израилге жеткирилди, анын өлүмүнүн себеби тууралуу маалымат жок. Израилдик басылмалар үч ай мурда Вайс онкологиялык ооруга чалдыгып, дарыланууга муктаж болгонун жазып чыгышты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *